Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдө элдин жардамына үмүт артат

Жазылуу
Өлкө башчысы көптөгөн жакшы саамалыктар дал ушул коррупциянын айынан аягына чыкпай калып жатканын эскертти.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков аймакты өнүктүрүү боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө элден коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берүүнү өтүндү.

"Коррупция биз ойлогондон алда канча терең батып кетти. Көп иштин бети ачылды, дагы бир тобу ачыкталат", — деди өлкө башчы.

Президент бир катар жакшы саамалыктар дал ушул коррупциянын айынан соңуна чыкпай калып жатканын белгиледи.

"Элдин жардамы жана колдоосу менен гана коррупцияны жеңе алабыз", — деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 2018-жылы коррупция боюнча 988 кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0