Глобальная атака вируса-вымогателя поразила IT-системы компаний в нескольких странах мира.

Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу

587
(жаңыланган 16:39 27.02.2019)
Акырындык менен жашообуз санариптешип баратат. Жада калса, акчаны дагы электрондук капчыкка сактап калдык.

Социалдык тармак, электрондук почта, мессенджерлерди айтпай эле коелу. Күнүмдүк турмуш, иш, жеке жашоо, керек болсо туугандар менен байланыш дагы интернетке "кирип" кетти. Эми ал жактагы кооптуу нерселерден кантип сактанабыз?

Бир аз мурда Мамлекеттик байланыш агенттиги Коргоо кеңеши менен биргеликте Кыргызстандагы киберкоопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Максаты — жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин кибер мейкиндиктеги коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга интернеттеги коркунучту алдын алуу боюнча адистердин кеңешин сунуштап турмакчы. Бул жолу диний радикалдык чакырыктардан сактануунун жол-жобосун ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын Кибертерроризм жана киберэкстремизге каршы бөлүмүнүн башчысы Ратбек Турусбеков жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү Ильяс Кадыркулов айтып берди.

Начальник отдела по противодействию экстремизму и терроризму СПЭНМ МВД КР Ратбек Турусбеков (справа) председатель Государственного комитета национальной безопасности КР Ильяз Кадыркулов
© Sputnik / Асель Акматалиева
ИИМдин Кибертерроризм жана киберэкстремизге каршы бөлүмүнүн башчысы Ратбек Турусбеков жана өзгөчө маанилүү ыкчам иштер боюнча ага өкүлү Ильяз Кадыркулов

— Кыргызстандын аймагында экстремизм менен террорчулукка чакырган сайттар көппү?

Ильяс Кадыркулов: — 2018-жылы шектүү катары 81 сайт менен 22 аккаунт табылган. Анын ичинен соттун чечими менен 63 сайтка бөгөт коюлса, аккаунттар толугу менен жабылды.

— Күмөндүү сайттарды кантип издейсиңер?

И.К.: — Кызматкерлер кол менен мониторинг жасап турат.

— Шектүү сайттардын чындап радикалдык экенин ким аныктайт?

И.К.: — Радикалдашуудан кабар берген видео, сүрөт же диний атрибуттары бар сайттарды биздин кызматкерлер шектүү катары таап, теология бөлүмүнө жиберет. Алар чындап эле кайсы бир тыюу салынган агымдарга чакырык таштап жатат десе, өкмөткө караштуу мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматка жөнөтөбүз. Алар бүтүм чыгарып берет.

— Чындап эле "туура эмес" сайт болуп чыкса, силер эмне кыласыңар?

И.К.: — Материалдарды Башкы прокуратурага жиберебиз. Көзөмөл органы сотко кайрылат. Сот маалымат булагынын ишине бөгөт коюлсун деп чечим чыгарса, Байланыш агенттиги же интернет провайдерлер аркылуу сайттын ишмердүүлүгүн Кыргызстандын аймагында токтотобуз.

— Бул эми сайттар тууралуу сөз болду, ал эми аккаунттарчы? Мисалы, биздин региондо эң кеңири колдонулган Facebook тармагында дейли?

Ратбек Турусбеков: — Facebook жөнүндө айтсак, айрым учурда көйгөйлүү аккаунттарды бат эле жаап беришсе, кээде "соттун чечимин англис тилине которуп бергиле" деген сыяктуу талаптарын коюп, создуктуруп койгон учурлар болот. Бардыгы шартка жараша дегендей.

— Силер бөгөт койгон сайттардын баарын эле Кыргызстанда отуруп алып ачышпаса керек?

Р.Т.: — Ооба, көпчүлүгү чет жактарда ачылат. Мисалы, Европа өлкөлөрү жана башка жерлерде. Бирок анын дареги кайсы жерде экенине карабай, бөгөт коюу процесси бардыгы үчүн бирдей эле.

Начальник отдела по противодействию экстремизму и терроризму СПЭНМ МВД КР Ратбек Турусбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Акматалиева
Ратбек Турусбеков: Facebook тармагы айрым учурда көйгөйлүү аккаунттарды бат эле жаап беришсе, кээде ар кандай талаптарды коюп создуктурат

— Кыргызстандыктардын башын интернет аркылуу "айландыруу" оңойбу?

Р.Т.: — Албетте, интернеттин таасири күч. Айрымдар "сайттарды жаап салса эле маселе чечилип калбайт" деп ойлошот. Борбор Азия мамлекеттеринин арасында смартфон колдонуу жагынан Кыргызстан абдан активдүү. Эгер биз сайттарга бөгөт койбосок, жарандарга экстремисттик маанидеги маалыматтар күн сайын алаканга салгандай эле жеткиликтүү болуп калбайбы.

— Чын эле азыр ар бир өспүрүмдүн колунда смартфон, планшет. Ата-энелер балдарын кооптуу сайттардан же аккаунттардан кантип коргой алат?

Р.Т.: — Маал-маалы менен текшерип туруу керек. Мисалы, баланын достугунда өз атына катталбаган, сүрөтү жок же абстракттуу сүрөт коюп алган аккаунттар пайда болсо, аны иликтеп көрүү зарыл. Эгер Кыргызстанда же Борбор Азияда уруксат берилбеген диний уюмдардын атрибуту, макалалары болсо, дароо аны өчүрүү керек.

— Ушундай учурларда жаран сиздерге кабарласа болобу?

И.К.: — Албетте, бизге secretariat@mvd.kg электрондук дарегине кат жолдоп же 0 (312) 664873 номери аркылуу байланышсын. Негизи эле жарандарга берер кеңешим — диний маалымат же билим керек болсо, Дин комиссиясы, муфтият, жогорку окуу жайлардын теология факультеттери, Аалымдар кеңеши сыяктуу расмий органдар бар. Керектүү маалыматтарды ошол жактардан алууга болот.

— Сирия согушу күч алып турганда Кыргызстанда дагы абал кооптонуу жаратып калды эле. Азыр тынчып калгансыйт. Абал чын эле биз баамдап жаткандайбы?

Р.Т.: — Сиз кандай деп ойлойсуз?

Председатель Государственного комитета национальной безопасности КР Ильяз Кадыркулов
© Sputnik / Асель Акматалиева
Ильяз Кадыркулов: бизде иштечү адам киберкоопсуздук боюнча канчалык мыкты адис болсо дагы теология жаатында даярдоодон өтүшү керек

— Эч нерсе айта албайм. Айрым учурда элди дүрбөлөңгө түшүрбөө үчүн бийлик кээ бир жагдайларды жашырып иш алып барган учурлар болот эмеспи...

Р.Т.: — Туура айтасыз. Бирок учурда абал чындап эле жөнгө салынды. 2014-жылдан тарта президенттин диний саясат тууралуу жаңы концепциясы кабыл алынган. Анын негизинде бардык тиешелүү органдар иштеп, жыйынтыгын көрүп жатабыз.

— Коомдо белгилүү, аккаунттары популярдуу адамдар туура эмес диний чакырыктарды жасаган учурда дагы сиздер реакция кыласыздарбы?

Р.Т.: — Кимдер жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүктүү. Андай фактылар катталса, ыкчам иш алып барып, адамдын өзү менен жолугушабыз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра коомчулукка туура маалымат жеткирилет.

— Бул маекти окуган жаш IT-адистер силердин катарыңарга кошулгусу келсе, кандайдыр бир даярдыктан өтүшү керекпи?

И.К.: — Биздин адистик кеңири тарабаган кесип болгондуктан, кайра даярдоодон өтүү зарыл. Анткени адисте теология тууралуу сөзсүз түшүнүк болушу керек. Мисалы, киберкоопсуздук боюнча канчалык мыкты адис болуп, бирок диний түшүнүгү болбосо, кооптуу сайттарды таба албайт. Даярдыкты өзүбүз жүргүзөбүз. Айрым ЖОЖдордун студенттери тажрыйба алууга келип, алар менен иштешкен учурлар болот.

Р.Т.: — Биз менен иштегиси келген IT-адистерге дагы бир талап — аскердик билети болушу зарыл. Ансыз кызматка албайбыз.

587
Белгилер:
коопсуздук, интернет, экстремизм, терроризм, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
Муфтият экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүүдө ИИМ менен чогуу иштейт
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

67
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

67
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды

Бишкектик жигит бир жылда 60 килограммга арыктады! Шыктандырган видео

195
(жаңыланган 14:07 22.10.2020)
Бишкектин тургуну Орозбек Мейманбек уулунун салмагы 18 жашында эле 134 килограммга жетип калган. Бул көрүнүш өзүн гана санаага батырып, ден соолугуна кедергисин тийгизбестен, жакындарынын дагы тынчын ала баштаганын айтат.

Бирок жаш жигит өзүн колго алып, кесипкөй машыктыруучунун жардамы менен бир жылда 60 килограмм салмактан арыла алды. Учурда салмагы 74 килограмм. Мындан дагы бир аз ылдый түшсөм деген ою бар. Анткен менен жакында аскердеги күндөрү башталат.

Ал машыктыруучусу менен биргеликте Sputnik Кыргызстан агенттигине толук кезиндеги жана андан кийинки жашоосу тууралуу айтып, башкаларга дагы кеңеш берди.

Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео

  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
    Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу

Орозбек Мейманбек уулунун айтымында, бала кезинде арык эле болчу. Бирок 5-класстан тарта салмак кошулуп отуруп 16 жашында 93 килограммга, ал эми 18 жашында 134 килограммга чейин толуп кеткен. Былтыр жайында жашоосун өзгөртүүнү чечип, фитнес-залга баш баккан.

"Туура эмес тамактангам деп ойлойм. Сендвич, шаурма сыяктуу бат даярдала турчу тамактарды жечүмүн. Өтө толуп кеткенде басып-турганда, жатканда кыйналып, күйүгүп, алым кетип, бат чарчап калдым. Машыгуулар деле оңойго турган жок. Башында сөөктөрүм ооруп жүрдү, анан витаминдерди ичтим. Жөн гана машыгып койбостон, туура тамактанууга өттүм. Алгачкы бир айда эле 13 килограмм таштап, өзүмдү жеңил сезе баштадым, ишеним дагы пайда болду", — деди Мейманбек уулу.

Ал спорт жашоосун өзгөртүп, жакшы чөйрөгө туш кылганын айтып, башкаларды дагы ден соолугуна көңүл бурууга чакырды.

18-летний бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу во время тренировок в тренажерном зале, который за год сбросил 60 килограмм веса.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекчанин Орозбек Мейманбек уулу

"Арыктаганда биринчи кезекте апам сүйүндү. Туугандар, достор таң калышууда. Интернеттен кеңеш сурагандар көп. Азыркы жаштардын убактысы телефон, компьютер тиктөө менен өтүп жатат. Машыгууга жок дегенде күнүнө бир саат убакыт бөлсөңүздөр, ден соолукка эле пайда. Ондогон килограммды кетирүү зыян эмеспи деп сурагандар болушу ыктымал. Жакында эле армияга баруу үчүн медициналык кароодон өттүм. Кудайга шүгүр, дени-кардым соо экен", — деди жаш жигит.

Орозбек Мейманбек уулун пауэрлифтинг боюнча КРдин абсолюттук чемпиону, бодибилдинг, таяк тартыш боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Келдибек Атайбек уулу арыктаткан.

Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт

Машыктыруучу окуучусу менен "мырзаларча" сүйлөшүп алып, ойлогон максатка жетишкенин айтып берди.

Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу в тренажерном зале
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу
"Ороздун абалы тууралуу эжеси Instagram аркылуу жазган эле. Жумушка келсем Ороз ары карап отурган экен. Артынан карасаң чоң киши, астынан карасаң жаш бала... Бир четинен ушунчалык толуп кеткенге чейин ичип-жедиби деп ичимен ачуулансам, экинчиден, боорум ооруду. Дароо эркектик маселени койдук. Орозду эки нерсени танда: дагы деле ушунтип кыйналып жүрө бер же менин айткандарымды аткарасың дегем. Талыкпаган эмгектин, кыйынчылык, ишенимдин артынан бир жылда 60 килограмм салмак таштай алдык", — деди машыктыруучу.

Ал окуучуларынын ичинен арыктагандар боюнча Орозбек рекорд койгонун жана андан мотивация алган көптөгөн киши залга келип жатканын кошумчалады. 

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Машыктыруучу менен Орозбектин дагы бир нече килограмм таштайлы деген планы бар. Бирок 19 жаштагы жигитти жакында армияга алып кетишет. Ал милдетин аткаргандан кийин ИИМ академиясына тапшырып, милиционер болууну кыялданып жатат.

195
Белгилер:
ООрозбек Мейманбек уулу, Келдибек Атайбек уулу, видео, машыктыруучу, салмак, арыктоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Netflix көк бөрү жөнүндө фильм тартты. Трейлери
Добуш берип жаткан адам. Архив

Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды

0
Маселе комитеттен кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Белгилей кетсек, аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн комитетте дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып колдоо тапты.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан кабыл алуу үчүн кеминде 80 депутат добуш бериши керек.

ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотулат.
0
Белгилер:
колдоо, комитет, мыйзам долбоору, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме
Эки шайлоонун мөөнөтү жылып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн. Жаңы сунуш