Талас Бегалиев. Архив

Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясын жетектөөдөн баш тартты

(жаңыланган 09:52 28.02.2019)
Учурда башка дагы талапкерлер сунушталууда.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенттигине талапкерлигин коюудан баш тартты.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, президент Жыргалбек Саматов кызматынан алынды.

Андан кийин эле жаңы президентти шайлоо маселеси каралып, талапкерлер сунушталган. Алардын арасында Талас Бегалиев дагы бар болчу. Ал трибунага чыгып сөз сүйлөп, чынында Жыргалбек Саматов айрым учурларда чекилик кетиргенин белгиледи.

"Биз баарыбыз көк бөрүнүн өнүгүшө салым кошуубуз керек. Ички жана тышкы саясатка көз салып ар кандай кырдаалга даяр болушубуз зарыл. "Өзбекстанда чемпионат көкпардын эрежеси менен болсо барбайбыз" дешүүдө. Биз барбай койсок эле оюн өтпөй калбайт. Андан көрө катышып, утуш керек. Мени федерациянын презденттигине сунуштаганыңыздар үчүн чоң рахмат. Бирок азырынча эрте деп ойлойм, буюрса дагы иштеп беребиз", — деди Бегалиев.

Көк бөрү федерациясынын президенттигине экинчи талапкер катары Искендер Кадыркулов сунушталды.

Белгилер:
кызмат, Көк бөрү, Талас Бегалиев
Тема боюнча
Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта
Талаа. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 19-апрелде, күндүз республиканын дээрлик бардык аймактарында күн ачык болот. Бир гана Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +21...+23, ал эми Ошто +23...+25 градусту көрсөтөт.

Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео