Айыл чарба министринен кеңеш: эми картошка эмес, соя эккиле

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүСоя түшүмүн жыйноо. Архив
Соя түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы Айыл чарба министрлиги фермерлерге картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок түшүм жыйналгандан кийин сата турчу рынок табылбай, баалар өз наркынан төмөндөп кеткен.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Быйыл соя, чечевица жана горох эгүү керектигин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл менен Чүй облустарынын фермерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министр ысыккөлдүк фермерлерге картошканын аянтын кичирейтип, жогоруда аталган азыктарды эгүүнү айткан.

"Соянын аянтын былтыркы 400 гектардан 5 миң гектарга көбөйтүүнү сунуштайбыз. Соя төө буурчакка окшош. Бирок төө буурчакты бир гектардан эң көп дегенде эки тонна алса болот. Ал эми соя 3,5 тоннага жетип, килограммынын баасы 100-120 сом. Бул, албетте, кирешелүү", — деди министр.

Ал ошондой эле учурда үрөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Картошка көйгөйүн чечүү үчүн Абылгазиев Астанага делегация жиберет
Өткөн жылы Айыл чарба министрлиги жарым миллион тонна картошканы Өзбекстанга экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, фермерлерге картошка эгүүнү сунуштаган. Натыйжада дыйкандар мол түшүм алып, бирок кардардын жоктугунан килограммы 4-5 сомго түшүп кетти. Бул өз наркынан да төмөнкү баа.

2018-жылдын октябрь айынын орто ченинде Мурашев бир жумадан кийин картошкага болгон баа өсөрүн убадалаган. Бирок кийинчерээк бааны рынок гана аныктай турганын айтып алакан жайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0