Ош шаары: өз аймагын мыкты көрктөгөндөргө сыйлык берилет

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"Деятельность МП "Тазалык"
Деятельность МП Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Ош шаарына 2 миллион түп гүл тигилет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык өткөрүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Обустройство и озеленение путепровода на улице Чокана Валиханова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
Ага ылайык, 28-февралда атайын жыйын болуп, ага вице-мэр Асылбек Топчубаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме, ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана тийиштүү жетекчилер катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында ишембиликтер уюштурулуп, аялдамалар оңдолуп, сырдалып, сырткы көрүнүшү калыбына келтирилет.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова шаарда бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү, ошондой эле шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо иштери башталганын билдирди.

"2018-жылы Ош шаарынын аймагына 1,6 миллион гүл тигилсе, быйыл 2 миллион гүл отургузулат. Ошондой эле 3 миң түп жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөр, 37 миң бадам көчөтү отургузулат. Ар бир мекеме-ишкана, соода-сатык түйүндөрү, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр биздин комбинат тарабынан отургузулган гүлдөрдү гана карап отура бербестен, өз короолоруна гүл эгүүсүн сунуштайм", — деди ал.

Үч айлыктын алкагында Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалоо боюнча атайын иш-чаралардын планы бекитилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0