ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы. Архивдик сүрөт

Терезесин караңгылатып алган айдоочуларды кайра ЖКККББ тескемей болду

262
(жаңыланган 12:36 01.03.2019)
Инспекторлор бул укуктан 1-январдан тарта ажыратылган болчу.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларды жоопко тартуу укугун өзүнө кайтарды. Бул тууралуу ЖКККББнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Иманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, бул милдет Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Бирок министрлик терезеси караңгылатылган машиналарды токтотуп айып салууга укугу жок болчу.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков кодекстерге киргизилген өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, автоунаасынын терезесин караңгылатып алган айдоочуларга айып салуу укугу ЖКККББга кайтарылды.

Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар ишке кирип, эреже бузуунун 7 түрүн каттай баштаган. Биринчи этапта жалпысынан Бишкектеги он көчөнүн кесилишине камералар орнотулса, экинчи этапта март айынын ортосуна чейин дагы он камера коюлмакчы.

262
Белгилер:
ЖКККББ, айып пул, караңгылатуу, терезе, Бишкек
Тема боюнча
Мындан ары автоунааны сатып алган киши кайрадан салык төлөбөйт
Салык төлөөнү унутпаңыз. Жеке тараптардын 1-апрелге чейин убактысы бар