Интернетте төраганын премьерге жазган катасы көп "каты" пайда болду

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катта сөздөр гана эмес, премьер-министрдин фамилиясы да туура эмес жазылган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон "каты" пайда болду.

Кат мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда "премьер-министр" деген сөз "пример-министр", Абылгазиевдин фамилиясы Абулгазиев болуп жазылып калган.

Белгилей кетчү жагдай, буга чейин өкмөт башчынын фамилиясы Абулгазиев болчу. Бирок кызматка келер алдында паспортун алмаштырган. Ага ылайык, туура жазылышы — Абылгазиев.

Жаш баласыз, чоңоюңуз! Сулайманов менен Жумабековдун жаакташа кеткен видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жаш баласыз, чоңоюңуз! Сулайманов менен Жумабековдун жаакташа кеткен видеосу
Мындан сырткары, каттагы кээ бир сөздөрдүн тамгалары түшүп, башкы сөз кичинекей тамга менен жазылып турат. Кыргыз тилинде жазылган документ "С уважением Д. Джумабеков" деп аяктаган. Бул кат фотошоп болуп калышы дагы мүмкүн.

Мамлекеттик кызматта негизи катты адистер даярдап, жетекчи кол коет.

Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештеги документтер ушундай жазылса, жарандардын жашоосун жакшыртуу тууралуу кеп кылбай эле койгон оң деп сын айтышууда.

Ал эми парламенттин маалымат кызматы чоо-жайды аныктоо үчүн каттын түп нускасын издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0