Акылбек Жапаров тилинен жаңылдыбы? Депутат соцтармактагы талкууга жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью депутата Жогорку Кенеша Акылбека Жапарова
Интервью депутата Жогорку Кенеша Акылбека Жапарова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн жергиликтүү радиолордун биринде курган маеги коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Кыргызстандын ар бир облусун өнүккөн мамлекеттерге бериш керек" деген пикирди айтып жатканда гранттар тууралуу сөз болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эл өкүлүнүн жергиликтүү радиолордун бириндеги эфирде Кыргызстандын облустарын өнүккөн мамлекеттерге берүү керектигин айтканы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Жапаров Кыргызстан эгемендик алгандан бери 3 миллиард долларга жакын грант алганын айтып, бирок аны колдонууда жыйынтыктар жакшы билинбей жатканына токтолду. Андан сырткары, Кыргызстанга жардам берем деген мамлекеттерден бир аймакка жардам берүүсүн сурануу керектигин белгиледи.

"Ким эмне жардам берем десе, макул боло бериптирбиз. Көп өнүккөн мамлекет көмөк көрсөтүптүр, алардын арасында Россия 661 миллион доллар бериптир. Мисалы, Россия Чүй облусуна жардам берсе, Япония Баткен же Ысык-Көл облусуна жардам берсе, мына Европа Биримдиги 250 миллион доллар грант бериптир, ошону Нарын облусуна берсе кыйла эле көрүнүктүү иштер жасалмак. Өнүккөн мамлекеттер саламаттык сактоо, билим берүү, жол куруу тармагына жардам берет, бирок себеленип, майда болуп жыйынтык чыкпай жатат. Ошондуктан мындан ары алардын айткандарына эле көнө бербей, өзүбүз да сунуштарды берсек жакшы болчудай", — деди ал.

Депутат ошондой эле "Эл аралык гранттарды жана насыяларды алуу тартиби жөнүндөгү" мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал биринчи окууда кабыл алынганын, учурда экинчи окууга киргизүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк акчанын болуп көрбөгөндөй сыртка агылышына түшүндүрмө берди
Жапаровдун айтымында, Кыргызстан ушул кезге чейин 402 гранттык жана насыялык макулдашууга кол койгон. Бирок алардын көбү англис тилинде болуп калганын белгилеп, учурда макулдашуулардын бир нускасын кыргыз же орус тилинде болушун талап кылып жатканын кошумчалады.

"Кайсы шартта алып жатабыз, кантип качан кайра кайтарып беребиз, бере албай калсак эмне болот, ошону билишибиз керек да. Биз да өзүбүздүн шарттарды айтканга бышып жетилип, өнүгүп-өсүп калдык деп ойлойм", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле 28 жылда 30дан ашык өкмөт алмашып, өнүккөн өлкөлөр "силерге эмне керек?" деп кайрылганда жооп бере албай, техникалык тапшырманы да жаза албай жатканын билдирди.

Ал эми социалдык тармактагы ызы-чуу маек толук эмес бир гана жери үзүп алынып тарап кеткенинен чыгып жатканын, мындан улам аны көпчүлүк туура эмес түшүнүп алганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0