Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБетин жаап турган кыз. Архив
Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнүн кордугуна чыдабай калган келиндин каты жарыяланмакчы.

Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-энемди таштап, аялым менен жашап жатам... Айласы кеткен кишинин баяны
Мектепти айылдан жаңы бүтүп келип жогорку окуу жайдын босогосун аттаганда өзүмдөн төрт жаш улуу жигит менен сүйлөшүп калдым. Бир жылча кол кармашып жүрдүк. Ишеничиме кирип алгандан кийин "сенден башка эч кимге үйлөнбөйм" деп бал тилге салып "кыздык" белгимен ажыратып, таштап кеткен. Анда 19 жашта болчумун. Бир тууган эжемден башка адамга бул сырымды айткан эмесмин. Ошондон кийин жигит аттуу менен сүйлөшпөй калгам.

Жылдар өтүп, окууну бүтүп иштеп баштаганда азыркы жолдошум менен таанышып калдым. Жарым жылдай сүйлөшкөндөн кийин баш коштук. Бирок ага турмушка чыгардын алдында гименопластика жасаткам. Башкача айтканда, жасалма кыздык белги салдыргам.

Күйөөм жасалма кыздык салдырганымды биринчи түндө эле билип калды. Жини келип, кол көтөргөнгө чейин барды. Баягы "алтыным" деп аркаман чуркаган жигит бир түндүн ичинде таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Ошол түнү эле жанымды койбой ким менен качан жатканымды билип алган.

Бирок кетирип жиберген жок. Ата-эне, бир туугандарынан намыстанып өз колун өзү кесип төшөктү булгады.

Үлпөт тоюбуз айылда болгон. Той бүтүп, эл тарагандан кийин шаарга келдик. Кайним, кайын сиңдим менен чогуу турчубуз. Алардын көзүнчө мага жасалма мамиле кылып, кеч кирип төшөккө жатканда баягы ызы-чуу кайра башталат. Жаман сөздөрдү айтып, сөгүп-сакканы аз келгенсип кол көтөрүп айламды кетире баштады.

Эки-үч айдан кийин кош бойлуу экенимди билдим. Баланы укса жини тарап, мамилеси өзгөрсө керек деп үмүт кылдым.

Баласын кучактап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайын журтума эки күйөөдөн чыкканымды кантип айтам? Жаш келиндин каты
Бирок сактаган кеги кеткен жок. Кол көтөргөнүн эле токтоткону болбосо, басынтып, сөгүп-сакканын койгон жок. Өзүмдү күнөөлүү сезип, унчукпай тим болчумун. Төрт ай болгондо боюман түшүп калды. Бул абалды ого бетер курчутту. Ичкени көбөйүп, кээде үйгө түнөбөй деле койчу. Бирдеме десем эле "сен мени алдап тийгенсиң, кыз эмес келгенсиң" деген жаман сөздөрдү айтат, коркутат.

Кетип калгым келет, бирок үйгө эмне деп барам. Кыз болбой тийгенимди укса, салтты катуу сактаган апамдын жүрөгү кармап калабы деп корком. Ал сөз айылга жайылса, ата-энемдин эл караган бетин жер каратам. Жаштыгымда жаза тайып кетирген катамдын азабын тартып жатам.

Баш кошконубузга үч жылдан ашты. Ошондон бери үйдө тынчтык жок. Эми жолдошум келиндер менен жүрө баштады. Менин көзүмчө телефон менен сүйлөшөт, кааласа түн ичинде кетип калат.

Баарын таштап, жашоомду ак барактан башташ үчүн ата-энеме айтпай чет өлкөгө кетип калсамбы же жолдошум бир күнү кечиреби? Кеңеш бериңиздерчи.

Асел Сүйүнбаева, психолог:

Эгер күйөөсүнүн мамилеси оңолот деп ишенсе, үй-бүлө менен иштеген психологго кайрылганы оң. Бирок 15 жылдык тажрыйбама таянсам, күйөөсү аялы менен психологго кайрылбайт. Анткени ортолорунда сүйүү сезими, сый мамиле жок. Чыныгы сүйүү — бул сый, ишеним, камкордук, кечиримдүүлүк. Ар бир адам жаза басып, калп сезимге жетеленип, туура эмес кадам шилтеп алышы мүмкүн. Бирок аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Жарасына кайра-кайра тие берген болбойт.

Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры
Күйөөсүнүн кылган мамилесине караганда, ал бул нерсени унутпайт, унутса дагы башка бир шылтоону табат. Ошондуктан коркпой, баарын колго алып жакшы мамиле түзө албаган адамдан кетип калганы эле оң. Ар бир адам бул жашоодо бактылуу болууга укуктуу. Эгер күйөөсү ал бакытты бере албаса, күндө кордук көрсөтүп, басынтып, шылдыңдаса, аны менен кантип жашайт. Жакшы жашоону да адам өз колу менен курат. Окусун, жаңы нерселерди үйрөнсүн, иштесин, кайгыга алдырып, соо турган жерден оору издебесин.

Өткөндөн сабак алса, кийин бактылуу турмуш курууга мүмкүнчүлүк болот.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0