Улуттук статистика комитети Бишкектеги малдын санын атады

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКой жана эчкилер. Архив
Кой жана эчкилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада кара малдын саны азайганы байкалды.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Бишкекте канча мал бар экенин эсептеди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын аягында Бишкекте 589 кара мал жана 1864 майда жандыктар бар экени аныкталган.

2017-жылга салыштырмалуу, 2018-жылы бука менен уй 54кө, эчки менен кой 1127ге, аттар 26га азайган.

Малдын санынын кыскаруу себеби айтылган эмес. Борбор калаада топоздор багылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0