Байрагыбыздын мааниси өзгөчө. Жээнбеков элди Туу күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, өлкөнү урпактар сыймыктангыдай өнүктүрүү максаты тургандыгын айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз –— Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Ал куттуктоо менен бирге эле чың ден соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстанга тынчтык каалаган.

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын туусу тууралуу тест: куйкумдуу 10 суроо
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

Эгемендүү Кыргыстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу.

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0