Баласын сатмакчы болгон аял менен эки дарыгер камакка алынды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКамакка алынган аял. Архивдик сүрөт
Камакка алынган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 28-февралында Бишкекте бала сатууга шектелип 31 жаштагы келин менен ага жардам берип жүргөн 50 жана 26 жаштагы эки аял колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бала сатууга шектелгендерге карата Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камоо чечими чыгарылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБдин маалымат катчысы Нурлан Шайназаров тастыктады.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте бала сатууга шектелип 31 жаштагы келин менен ага жардам берип жүргөн 50 жана 26 жаштагы эки аял кармалган. Кийинчерээк соодаланып жаткан бала жаңы төрөлгөнү жана 190 миң сомго бааланганы белгилүү болгон. 

Ымыркайын сатып кармалган эне. Бишкектеги окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын сатып кармалган эне. Окуянын чоо-жайы видеодо
Медициналык жайдын кызматкерлери баласынан баш тарткысы келген келин менен сүйлөшүп алышканы айтылат.

Милиция Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жерине барып, бала саткандарды алгачкы төлөм алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Укук коргоочулардын келгенин көргөн төрөт үйүнүн кызматкери менен жаш эне батирдин эшигин бекитип алып ачпай, милиционерлер ӨКМ кызматкерлерин чакырууга аргасыз болгон.

Алар эшикти ачып берип, бала сатууга шектелген аялдар кармалып, үчөө тең убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу.

Кийинчерээк жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу боюнча шектелип кармалган үч аялдын бири борбордогу №4 төрөт үйүнүн, экинчиси Улуттук госпиталдын кызматкери экени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0