50 жылдан ашыптыр. "Зеленхоз" таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди

Таксинин үстүнө кулаган бак
Таксинин үстүнө кулаган бак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана аталган көчөнүн жолу жакында эле оңдолгонун, бактын тамыры ушунда да жабыр тартканын кошумчалады.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте таксинин үстүнө кулаган бактын тамыры чирип калган. Бул тууралуу "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы билдирди. 

Дерево упало на такси в Бишкеке
50 жылдан ашыптыр. Зеленхоз таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди - Sputnik Кыргызстан
Дерево упало на такси в Бишкеке

Эскерте кетсек, бүгүн түштө шаардын Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, астында турган Honda Fit унаасын басып калганын күбө билдирген.  Окуядан кишилер жабыркаган эмес. 

Дерево упало на такси в Бишкеке
50 жылдан ашыптыр. Зеленхоз таксинин үстүнө кулаган бак боюнча түшүндүрмө берди - Sputnik Кыргызстан
Дерево упало на такси в Бишкеке

"Майда жалбырактуу кара жыгач кулаган. Тигилгенине 50 жылдан ашып, тамыры чирип калган. Унаа туура эмес жерге токтотулган. Кызматкерлерибиз окуя болгон жерге дароо чыгып, бакты араалап салышты", — деп айтылат маалыматта.

"Зеленхоз" аталган көчөнүн жолу жакында эле оңдолгонун, бактын тамыры ушунда да жабыр тартканын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0