Сөөк дарыгери Сабырбек Жумабековдун Москвада окуган доклады жогору бааланды

© Фото / пресс-служба РУДНМеждународный конгресс "Весенние дни ортопедии" в РУДН в Москве
Международный конгресс Весенние дни ортопедии в РУДН в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында Сабырбек Жумабеков омуртканын оорусун жана жаракаттарын операция аркылуу эки этап менен дарылоо туурасында доклад окуган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков Москвада өткөн "Ортопедиянын жазгы күндөрү" аталышындагы ири конгресске катышып, маанилүү делген доклад окуду. Бул туурасында маалыматты Spиtnik Кыргызстан маалымат агенттигине ортопед өзү тастыктады.

Анын айтымында, иш-чара 1-2 март күндөрү Москвада өктөн. Уюштуруучулар шаардын Борбордук травматология жана ортопедия институту, Эл аралык достук университети (РУДН), Россиянын саламаттыкты сактоо министрлиги жана департаменти болуп эсептелинет. 

© Фото / пресс-служба РУДНКыргызстандык белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков Москвада өткөн "Ортопедиянын жазгы күндөрү" аталышындагы ири конгресске катышып, маанилүү делген доклад окуду
Сөөк дарыгери Сабырбек Жумабековдун Москвада окуган доклады жогору бааланды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков Москвада өткөн "Ортопедиянын жазгы күндөрү" аталышындагы ири конгресске катышып, маанилүү делген доклад окуду

Конгрессте КМШ жана Европа мамлекеттеринен келген алдыңкы сөөк дарыгерлери катышкан.

Жыйында Сабырбек Жумабеков омуртканын оорусун жана жаракаттарын операция аркылуу эки этап менен дарылоо туурасында доклад окуган.

"Эки этап дегеним, омуртка жаракат алганда алганда астыңкы жана арткы сөөктөрүнө күч келет. Биздин технология — бейтапты эки тарабынан алмак-салмак которуп, бир учурда операция жасоо болуп эсептелинет. Дүйнөлүк маанидеги операцияларды кем калышпай жасай аларыбызды айтып бердим. Окуган докладым кенен болду, катышуучулар тарабынан жакшы талкууга түшүп, жогору баа беришти. Жылуу пикирлер, каалоо-тилектер көп болду", — деди Жумабеков.

Ал кошумчалагандай, конгресстен кийин дагы башка ири жыйындарга катышуу боюнча көп сунуштар түшкөн.

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: кабинетке бекинип алып ыйлайм
"Май айында Москада боло турчу сөөк дарыгерлеринин съездине катышсам, июнда Евразиялык форумга бармай болдум. Ар дайым чет мамлекеттеги кесиптештер менен байланышты бекемдеп, иш-чараларда тажрыйба алмашып турабыз", — деди дарыгер.

Сабырбек Жумабеков Кыргызстандагы эң таанымал сөөк дарыгери. Ал Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси. КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, II даражадагы "Манас" орденинин ээси.

Ошондой эле бир катар уникалдуу операцияларды ишке ашырып келет.

Сөөк дарыгердин ишмердүүлүгү жана үй-бүлөсү тууралуу Sputnik даярдаган фактыдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0