Клавиатура. Архивдик сүрөт

Төраганын премьерге жазган катасы көп каты. Жогорку Кеңеш үн катты

997
(жаңыланган 09:59 07.03.2019)
Буга чейин интернетте ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун премьерге жазган катасы көп каты пайда болгон.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагына жарыялады.

Эске салсак, буга чейин интернетте ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун премьерге жазган катасы көп "каты" пайда болгон. Кат мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда "премьер-министр" деген сөз "пример-министр", "Абылгазиевге" дегендин ордуна "Абылгазиеву" болуп жазылып калган. Мындан сырткары, каттагы кээ бир сөздөрдүн тамгалары түшүп, башкы сөз кичинекей тамга менен жазылып турат.

Нуракун уулу билдиргендей, ал катты төрага өз колу менен жазган эмес.

"Катты тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат", — деди маалымат кызматынын башчысы.

Ал ошондой эле аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонуларын кошумчалады.

997
Белгилер:
кат, төрага, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Жумабеков: кыргыз парламентинин тарыхында 27-төрагамын