Нурбек Савитахуновдун баласын дарылоого керектүү каражат топтолду

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүОтдых в Сочи
Отдых в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчыга жай жарандар жана меценаттар жардам берген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ырчы Нурбек Савитахуновдун баласы Артурдун дарылануусуна 45 миң доллар топтолгонун анын жубайы Альбина соцтармакка жазды.

Юрист жана Аутизмди жеңебиз! фондусунун түптөөчүсү Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан
"Өзгөчө" баланын энеси: жакшынакай чоңоюп келе жаткан уулум кокустан өзгөрдү…
Буга чейин Савитахунов уулу Артурга көңүл буруу үчүн бир нече жылдан бери чыгармачылык менен алектенбей калганын түшүндүргөн. Анын айтымында, алгач баласы тез чоңое баштаган. Ал эки жашында геометриялык фигураларды жана тамгаларды таанып калган. Ошондой эле эки тилде сүйлөп, санаганды билчү. Бирок, тилекке каршы, кийинчерээк аутизмдин синдромдору байкала баштаган. Атын айтып чакырса, кабыл албай калган. Буга байланыштуу жубайлар февраль айынын башында каражат топтоп башташканын жарыялашкан

"Бүгүн Альбина экөөбүз кубануу менен сиздердин сүйүүңүздөр жана эки меценаттын жардамы менен Артурдун дарылануусуна керек болгон 45 миң доллар топтолгонун жарыялагыбыз келип турат. Сиздерге өмүр бою ыраазы болуп өтөбүз. Каражат топтоо боюнча маалыматты баракчаңыздардан өчүрүп коюуну суранат элем", — деп ырчы жарандарга кайрылды.

Анын айтымында, эми алдыдагы 18 айда Артурга жардам берүү үчүн убакыт менен "жарыш" башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0