Унааларды чоң бактардын алдына калтырбагыла! Бишкек мэрия шаардыктарга кайрылды

Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Катуу шамал болот деген маалымат тараганына байланыштуу Бишкек мэриясы тургундарды жана шаар конокторун сак болууга чакырат.

Муниципалитеттин маалымат кызматы 5-мартка караган түнү катуу шамал боло тургандыгы боюнча ӨКМ тараткан маалыматты эске салды.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Мэрия жарандарды этият болууга чакырып, унааларды чоң бактардын алдына калтырбоону сунуштайт. Эгер дарак кулаган болсо, жарандар мэриянын 1850 Call-борборуна же 0709399977 номерине кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0