Бишкектеги Эмен багы жаңыланат. Мыкты долбоордун ээсине 150 миң сом берилет

Жазылуу
Паркка Чыңгыз Айтматовдун эстелиги кошо орнотулушу керек.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Бишкекбашкыархитектура" Чыңгыз Айтматов сейил багын (Эмен багы) жаңылоого багытталган эң мыкты долбоорго ачык конкурс жарыялады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, паркка Айтматовдун эстелиги кошо орнотулушу керек.

Конкурс бир этап менен өтөт. Алдыңкы үч орунга мэрия тарабынан акчалай сыйлык каралган.

  • 1-орун – 150 000 сом;
  • 2-орун – 100 000 сом;
  • 3-орун – 50 000 сом.

Сынак 4-марттан 4-апрелге чейин созулат. Акыркы долбоорлор Бишкек шаарындагы Чокморов №185 дареги боюнча 4-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматты 0312 45 68 09, 0705 25 07 73 номерлери аркылуу билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0