Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг
Жительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен турмушка чыкпай көз жарган аялдардын басымдуу бөлүгү 30 жашка чейинкилер.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жылдары ар бир төртүнчү бала никесиз жарыкка келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандагы эркектер менен аялдар" аттуу маалыматында айтылат.

Бул жерде 2013-жылдан 2017-жылга чейинки маалыматтар камтылган. Жалпысынан никесиз балдар 2014-жылы эң көп төрөлүп, дээрлик 42 миңди түзгөн. Эң аз көрсөткүч 2017-жылы катталып, 36 миң бала никесиз жарыкка келгени маалым болгон.

"2017-жылы никесиз төрөлгөн балдардын 20 миңдейи ата-энелеринин макулдугу менен каттоого алынса, 16 миңден ашык ымыркай апасына гана катталган. Бул балдар атасыз чоңоюшу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Негизинен турмушка чыкпай көз жарган аялдардын басымдуу бөлүгү 30 жашка чейинкилер.

Жаңылыктар түрмөгү
0