Куралчан кол салуу. Архивдик сүрөт

Ок жеп, 315 миң долларын алдырган айдоочу. Чүйдөгү окуянын чоо-жайы

3903
(жаңыланган 13:36 06.03.2019)
Алдын ала маалыматка караганда, унааны алгач Subaru Forester үлгүсүндөгү авто сүзгөн.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Беш-Күнгөй айылында тонолгон айдоочунун жанында жубайы болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 6-мартка караган түнү аталган айылда айдоочуну аткылап, жанындагы 315 миң долларын алып кеткени айтылган. 

Жерине Аламүдүн райондук милициясынын ыкчам тобу барган.

"53 жаштагы жаран 57 жаштагы жубайы менен Toyota Harrier унаасында бара жатышкан. Алдын ала маалыматка караганда, аларды Subaru Forester үлгүсүндөгү авто сүзгөн. Андан соң экинчи унаадагы белгисиз адамдар жубайларга ок чыгарып, алар жарадар болгондо 310 миң доллардан көбүрөөк акчасын алып кетип калышкан", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда КРдин Жазыктар кодексинин 202-беренесине ("Каракчылык") ылайык иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланды.

Жабыркагандар ар кандай жаракат менен облустук ооруканага жеткирилген.

3903
Белгилер:
акча, каракчылык, Беш-Күнгөй, Чүй облусу
Тема боюнча
Токмоктогу атышуу: эки шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалды. Окуянын чоо-жайы
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

150
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

150
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

248
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

248
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды