Же "жок", же "ооба" дей албай... Мамбет Мамакеевдин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен Касиет Жумаеванын (архивдеги жазуу боюнча) сүрөтү 1950-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Анда элет жеринен келип билим алган жаш жигит 3-курста окуп жаткан учуру болчу.

Ал кезди медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев мындайча эскерет.

"Мен үчүн бул табылгыс сүрөттөрдүн бири болуп калды. Биз ал кезде сүрөт деген эмне экенин деле билчү эмеспиз. Анткени согуштан кийинки ачарчылык учур болуп, курсакты кантип тойгузабыз деп эле ойлонуп жүрчүбүз. Биз окуган медициналык институтта дарылоо бөлүмү эле болуп, ал жакта 170тей студент билим алчу. Мугалимдерибиз негизинен Россиядан келген агартуучулар эле. Кыргыздар анча деле көп эмес болчубуз. Мен айылдан 10-классты бүтүрүп келгем. Орусча же "жок", же "ооба" дегенди билбейт элем. Азыр балдарыма адам жеңе албаган эч нерсе жок деп айтам", — деди Мамакеев.

Ошондой эле ал жанындагы студент кыз ким экенин билбей тургандыгын кошумчалады.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Баатыры 90 жаштан өтүп калганына карабай иштеп, күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтапка операция жасайт. Ал өзүнүн эмгек жолунда илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялап өстүрүүгө жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0