КТРКнын башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды

© Sputnik / Максат ЭлебесовГенеральный директор телеканала НТС Жайнак Усен уулу
Генеральный директор телеканала НТС Жайнак Усен уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү бар.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды.

Анын талапкерлиги үчүн Байкоочу кеңештин 13 мүчөсү добуш берген. Болотбек Тиллебаев менен Галина Байтерек бирден добушка ээ болушкан.

Жайнак Үсөн уулу НТС телеканалын жетектеп келген.

Эскерте кетсек, КТРКнын буга чейинки башкы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-март күнү аяктайт. Өлкөнүн башкы телеканалын жетектөө ниетин алгач 22 киши  билдирген. Байкоочу кеңеш биринчи жыйынында талапкерлердин үчөөнүн документи толук эмес деген жүйө менен тизмеден алып салган. Андан соң дагы иргелип отуруп, 16сы калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0