Байкоочу кеңеш КТРК башчылыгына Жайнак Үсөн уулун эмнеге тандаганын айтты

Жазылуу
Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы шайланган талапкер башкалардан эмнеси менен айырмаланганын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Коомдук телеканалдын башкы директорун тандоо ачык-айрым өтүп, президенттин же Жогорку Кеңештин аппаратынан эч кандай басым болгон жок. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев журналисттерге билдирди.

Шайлоодо Жайнак Үсөн уулу Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13үнүн добушун алган. Ал буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген.

Жекшеев Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү жең ичинен сүйлөшпөгөнүн жана бардыгы Үсөн уулунун башка талапкерлерден өзгөчөлүгүн белгилешкен.

"Шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй ачык өттү, эч ким аралашкан жок. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ар биринин өз пикири болгонуна карабай, бүгүн ишине абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасап, өз бүтүмүн чыгарышты", — деди ал.

Жекшеев ошондой эле "Жогорку Кеңештин жана президенттин аппаратынан басым болгонбу?" деген суроого да жооп берди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров  - Sputnik Кыргызстан
Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек
"Эч кандай басым болгон жок. Антпесе Өмүрбек Бабановдун телеканалынын (НТС — ред.) директору бул кызматка келмек эмес да. Жайнак Үсөн уулу башкалардан өзүнүн иш билгилиги жана тажрыйбасы менен айырмаланат. Жакында эле өткөн маектешүүдө көптөгөн суроолорго жооп берип, башкалардан өзгөчөлөнө алды", — деди Жекшеев.

Ал ошондой эле КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбеков жакшы иштегенин жана телеканалдын Байкоочу кеңеши андан кем эмес иштеген кишини издешкенин айтты.

Жекшеев, андан сырткары, Карыпбеков 19-мартта кызматын тапшырып, Жайнак Үсөн уулу 20-мартка ишке киришерин белгиледи.

Башында КТРКнын башкы директору болууга 22 талапкер арыз берген. Маектешүүдөн кийин жети талапкер — Ибраим Нуракун уулу, Жайнак Үсөн уулу, Адил Турдукулов, Галина Байтерек, Сураган Босумбаев, Болотбек Тиллебаев жана Замирбек Казакбаев калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0