Айдоочулардын эсине! Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДорожный знак
Дорожный знак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол 7-мартта эртең менен ачылат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жибек Жолу проспектиси Фучиктен Республикага чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, проспект кеңейтилип жаткандыктан "Түндүкэлектр" ишканасынын зым-карагайлары көчүрүлөт. Ошондой эле "Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери бактарды бутайт. Мындай иштер 7-мартка чейин созулат.

Бишкек мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурап, айдоочуларга альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0