Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү шыпырып жаткан аял. Архив
Көчөнү шыпырып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсионер мамлекеттик желекти — кызыл түстөгү кездемени таап алып, аны майдалап тилик-тилик кылып айрып, автоунаа өтүп кетпесин деп троско байлап койгон.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда дароо беш кодекс ишке кирген. Алар — Жоруктар, Эреже бузуулар, Жазык, Жазык процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери эле. Соттук-укуктук реформа коомчулукта көп сөздүн башы болгон.

Sputnik Кыргызстан редакциясы Кыргызстандын жергиликтүү соту жаңы мыйзамдар күчүнө киргенден кийин кандай өкүм чыккандыгын билип көрдү.

Жогорку соттун маалыматына караганда, өкүм 63 жаштагы жаранга карата Жоруктар туурасындагы кодекстин 175-беренесинин негизинде ("Мамлекеттик символдорду кордоо") чыккан.

Бул өкүмдүн 2019-жылы жасалган мыйзамсыз иштерге карата биринчи экендигин белгилеп кетсек болот.

Соттук өкүм аталган соттун сайтына жарыяланган. Документте төмөнкү учурлар жазылган.

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
2019-жылдын 5-январында саат болжол менен кечки жетилерге жакын фирмада иштеген Б.Г.М. ошол жердин аймагын тазалап жаткан. Ал мамлекеттик желекти — кызыл түстөгү кездемени таап алып, аны майдалап тилик-тилик кылып айрып, автоунаа өтүп кетпесин деп троско байлап койгон.

Бул факты видеого жазылып калып, жергиликтүү маалымат сайттарынын бирине жарыяланып кеткен.

Б.Г.М. өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп, кечирим сураган. Аны менен кошо эле аял желекти тытып салгандыгын 2019-жылы 10-январда милиция кызматкерлери келгенде гана билгендигин айткан.

Мамлекеттик символиканы кордогондорго айып салынат же 40тан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартылат. Анткен менен КРдин Жоруктар жөнүндө кодексинде пенсионерлерди жазага тартуу боюнча эч нерсе каралган эмес.

Аялдын жашын, ким экендигин жана жоруктун кооптуу же кооптуу эместигин эске алып, сот аны эң аз деген айыпка жыккан.

Ошентип, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2019-жылдын 11-февралында ага 20 миң сом төлөөгө чечим чыгарган.

Эгер кааласа, ал Бишкек шаардык сотуна 10 күн ичинде арызданса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0