Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Жайыт, балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди

Ысык-Көлгө жана Соң-Көлгө 400 миллионго жакын чабактар коё берилет

348
(жаңыланган 14:44 07.03.2019)
Учурда Орто-Токой суу сактагычына 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди.

БАЛЫКЧЫ, 7-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Жайыт, балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди.

  • Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Жайыт, балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди
    Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Жайыт, балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди
    © Sputnik
  • Ысык-Көл биосфералык дирекциясынын башчысы Ирлан Сүйүмбаев мындай аракеттер суу сактагычта балыктын санын көбөйтүү максатында жасалып жатканын айтты
    Ысык-Көл биосфералык дирекциясынын башчысы Ирлан Сүйүмбаев мындай аракеттер суу сактагычта балыктын санын көбөйтүү максатында жасалып жатканын айтты
    © Sputnik
  • Ысык-Көл Жайыт жана балык чарба департаментинин, Нарын балык чарба бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асанов суу сактагычка коё берилген чабактар инкубациялык цехтерде өстүрүлгөнүн белгиледи.
    Ысык-Көл Жайыт жана балык чарба департаментинин, Нарын балык чарба бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асанов суу сактагычка коё берилген чабактар инкубациялык цехтерде өстүрүлгөнүн белгиледи.
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана Жайыт, балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди

Ысык-Көл биосфералык дирекциясынын башчысы Ирлан Сүйүмбаев мындай аракеттер суу сактагычта балыктын санын көбөйтүү максатында жасалып жатканын айтты.

"Балыктын майда чабактары жеке эле Орто-Токой суу сактагычына эмес, Ысык-Көлгө дагы коё берилет. Балыкты көбөйтүү иштери 2010-жылдан бери жүрүп келе жатат. Көлгө таандык балыктын эндемикалык түрлөрү — ысыккөл маринкасы, ысыккөл чабагы, карп, сазандар да көбөйтүлүүдө. Сига-лудога балыгы 2-3 жылда чоңоюп, салмагы 4 килограммга чейин жетет", — деди ал.

Ысык-Көл Жайыт жана балык чарба департаментинин, Нарын балык чарба бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асанов суу сактагычка коё берилген чабактар инкубациялык цехтерде өстүрүлгөнүн белгиледи.

"Жакынкы күндөрү Соң-Көлгө 3 миллион балыктын ар кайсы түрлөрүнөн жана Ысык-Көлгө дагы 300 миллион майда чабактын, 700 миң форель балыгынын чабактарын коё беребиз", — деди ал.

Андан сырткары, Орто-Токойдо балыктын эки түрү — сига-лудога жана карп сазаны бар экенин кошумчалады.

348
Белгилер:
Ысык-Көл, Орто-Токой суу сактагычы, чабак, балык
Тема боюнча
Кош бойлуулар балыктын майын жеши керек. Пайдасы эмнеде
Президент КР Сооронбай Жээнбеков выступил на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында онлайн режиминде сүйлөйт

21
(жаңыланган 16:06 21.09.2020)
Кыргызстандын президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынында үч ирет видео кайрылуу жасары айтылды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын атынан видео аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Аталган жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, Жээнбеков анын алкагында 23-сентябрда да видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

Мындан сырткары, мамлекет башчы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлмөкчү.

21
Белгилер:
БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялады
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылынын тургуну Рысалы Ажиев жубайы жана уулдары менен

Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны

361
(жаңыланган 16:10 21.09.2020)
2009-жыл. 16-апрель. Бул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылында жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыгы катталган. Бир түндө жер көчүп, 16 адамдын өмүрүн жалмаган. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ошол каргашалуу түндү эстеп, окуянын күбөлөрү, кырсыктан жакындарын жоготкондор менен баарлашты.

Жетим калган Дастанды көргөн сайын каргашалуу окуя эске түшөт

Ал түн Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагуловдун күнү бүгүнкүдөй эсинде. Айтымында, апааттан бир түндө 16 адам мерт кеткен. Мырзагулов ошол учурда Райкомол айылында жер боюнча адис болуп иштечү.

"Эл тынч уйкуда жаткан. Таң сүрөйүн деп калганда "айылда жер көчкү жүрдү" деген кабар келди. Шашып барсак, кыян жүрүп, топурактан эч нерсе көрүнбөй калыптыр. Кырсык болгон жердеги үйлөр түп орду менен жок. Эмне кылышты билбей нес болуп эле туруп калдык. Андан кийин эки жакка кабар бердик. Ошондо болжол менен таңкы саат 3:30дар болчу. Көчкү алдында үч үй-бүлө калыптыр. Баш-аягыбызды жыйнап казып кирдик. Бирок ӨКМдин куткаруучулары деле тез эле келип калышты", — деди Мырзагулов.

Анын айтымында, малчылар кырсык катталганга чейин жерде жарака бар экенин көрүп, айыл өкмөтүнө эскертишкен. Ал жерди ӨКМ дагы көргөн. Бирок жарака тоонун аркы бетинде болгондуктан, ошол жактагы үч там башка жакка көчүрүлгөн.

"Жер жарака кеткен жерден эмес, башка тарабынан көчтү. ӨКМ жарака ары көздөй кетет деп болжолдогон. Айла жок, табият кырсыгы экен. Сөөктөрдү табуу оңой болгон жок. Аларды издөө иштерине куткаруучулар тартылды, аларга жергиликтүү тургундар да болгон шаймандарын көтөрүп келип тикесинен тик туруп жардам беришти. Айрым жерлерде топурак 10 метрге чейин көтөрүлүп кеткендиктен, жумуш абдан оор болгон. Маркумдардын сөөктөрү үч күн дегенде табылган", — деди Ак-Жол айылынын башчысы.

Бир ирмемде жок болгон 40 киши... Кыргыз ССРиндеги авиакырсыктар

Мырзагулов кырсыктан көз жумгандардын жакындарын көргөн сайын ошол каргашалуу күндү эстеп турарын кошумчалады.

"Тилекке каршы, кырсыктан 16 өмүр соолуду. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле. Бир үй-бүлөдөн эки бала томолой жетим калса, дагы бир бүлө толугу менен жок болду. Эки баласы томолой жетим калган Алтынбек деген айылдашымды жакшы билчүбүз. Айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, сүрөтчү эле. Анын Дастан деген уулу тың чыкты. Кытайда окуп билим алды, азыр да ошол жакта. Айылга келип калса, ошол күнкү кырсык көз алдыбызга тартылып, жүрөк тилинип кетет. Эл кадимкидей коркуп калган. Ага чейин "көчкү жүрөт, көчкүлө" десе камырабагандар көчкүдөн кийин өкмөт айтканды жасап калышкан", — деди Мырзагулов.

Бир түндө төрт баласынан, апасынан айрылган Рысалы Ажиев

"Кудай бизди ажалдан айдаган окшойт" дейт Рысалы Ажиев. Дал ошол күнү ал аялын, кичүү баласын алып кырдагы үйүнө кетишкен. Ал эми айылдагы ата-энесинин үйүндө 80 жаштагы апасы төрт небереси менен калган.

"Эч нерседен кабарыбыз жок кичүү баламды алып, аялым экөөбүз тоодогу үйгө кеткенбиз. Үйдө апам эки кыз, эки уулум менен калган. Түн жарымда айылда жер көчкү жүрүп, үйлөрдү басып калды деген кабар келди. Жамандык ойго келген жок. Барсак үйүбүз түп-орду менен жок, топурак алдында калыптыр... Улуу кызым 11-класста окучу, кичүүсү 5-класста эле. Суук кабарды укканда улам эсимди жоготуп жаттым. Өзүмө келгенде үйдүн тушун көрсөтүп, сөөктөрдү издөөгө жардам бердим. Башында үч кишини табышты. Алардын бири менин уулум эле, экөө болсо кошунанын балдары экен. Айбек деген уулум бетондун алдына кирип кетиптир, кошунабыздын дагы бир баласын топурак сүрүп салыптыр. Анын сөөгүн үйүнөн эмес, сарайдан табышты. Ошентип 16 адамдын сөөгүн үчүнчү күнү толугу менен таап, жерге бердик", — деди Ажиев.

Житель села Райкомол Рысалы Ажиев с супругой и детьми, который потерял мать и четверых детей при сходе оползня
© Фото / из личного архива Рысалы Ажиева
Рысалы Ажиев үй-бүлөсү менен. Эки кыз, эки уулун жер көчкүдөн жоготкон жубайлар кийин эки балалуу болушкан

Төрт баласынан ажыраган жубайлардын жанында калган баласы азыр 8-класста окуйт. Андан кийин жубайлар дагы эки уулдуу болушкан.

"Тагдырга жазганды айла жок көтөрөт экенсиң. Кудай төрт баламды алып, кайра эки уул берди. Алар деле эр жетип келе жатат. Кырсыктан келинчегим экөөбүз тең каттуу сокку алдык. Жубайымды улам-улам дарыгерге көрсөтүп турам. Баса, ошол кырсык болгонго чейин жерде жарака кеткенин айтканбыз. Бирок ӨКМ ал жарака тоонун аркы жагы менен кетерин айтып тынчытып койгон эле", — деди Ажиев.

10 миң сөөк кайра көмүлүп, 25 айыл суу алдында калган. Кыргызстандын электрлешүүсү

Көз жумган окуучулардын сүрөтү мектепте илинип турат

Райкомолдогу каргашалуу кырсыктан көз жумгандарды айыл эли унутпайт. Алардын сүрөттөрү мектепте али күнгө чейин илинип турганын мектеп жетекчиси Бекмамат Ажиев айтып берди.

Фотографии жертв схода оползня в селе Райкомол Аксыйкого района Джалал-Абадской области
© Фото / Рысалы Ажиев
2009-жылы 16-апрелде окуучулар чоң энеси менен жер көчкү алдында калышкан

"Бул кырсык түн ичинде болгон. Кабарды угарыбыз менен ылдый барсак тамдар түптүз, жер менен жер болуп калыптыр. Көчкү алдында калган бир үй-бүлө биздин туугандарыбыз эле. Жеңем неберелери менен топурак алдында калган. Азыр кичүү баласы барып үйдүн тушун тазалап, карап турат. Ал эми алардын сүрөттөрүн мектеп окуучулары унутпасын деп "Элесиңер эсибизде" деген тактага илип койгонбуз", — деди мектеп жетекчиси.

Фотографии жертв схода оползня в селе Райкомол Аксыйкого района Джалал-Абадской области
© Фото / Рысалы Ажиев
Табигый кырсыктын курмандыгы болгон бир туугандар

Ажиев 2009-жылкы кырсыкка чейин да айылда жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнү басып калганын кошумчалады. Азыр кыштакка эч нерсе коркунуч жаратпайт дейт мектеп жетекчиси. ӨКМ жер көчүшү мүмкүн деген жердеги үйлөрдүн баарын башка коопсуз жерге көчүргөн.

361
Белгилер:
үй-бүлө, трагедия, өлүм, Жер көчкү, Аксы
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги
Кара-Сууда жүк ташуучу беш унаа топурак менен жүктөп бараткандар кармалды

Кара-Сууда 5 машина топурак жүктөп бараткандар кармалып, жазага тартылды

0
(жаңыланган 16:17 21.09.2020)
Мамлекеттик экотехинспекция жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде 15-сентябрда рейд уюштурган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу беш унаа менен кара топурак жүктөп бараткандар кармалды. Бул тууралуу Экотехинспекциянын Кара-Суу районундагы бөлүмү билдирди.

Маалыматта жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде 15-сентябрда рейд уюштурулуп, түнкү саат 12лер чамасында жерди мыйзамсыз түрдө казып кара топурак жүктөгөндөр аныкталганы айтылат.

Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда

Аларга Эреже бузуулар кодексинин 170-беренесинин ("Жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу") негизинде 15 миң сом айып пул салынган.

Мындан сырткары, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 5 670 сом доо коюлуп, толугу менен өндүрүлдү. Ал эми топурактар кайра ордуна төгүлгөн.

0
Белгилер:
айып пул, кармоо, Мамлекеттик экотехинспекция, топурак, Кара-Суу району
Тема боюнча
Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат