Соя түшүмүн жыйноо. Архив

Соя 120 сом турабы? Ишкерлер министрдин калпын чыгарды

972
(жаңыланган 12:35 07.03.2019)
Жакында эле айыл чарба министри соянын баасы 120 сомго чейин чыгарын, дыйкандарды картошканын ордуна дал ушул өсүмдүктү өстүрүүгө үндөгөн. Sputnik Кыргызстандын редакциясы соянын түшүмү кандай экенин жана чындап эле баасы 100-120 сомго чейин чыгар-чыкпасын тактап көрдү.

Былтыр фермерлер айыл чарба министринин сөзүнө ишенип, картошканы көп айдап, быйыл сызга отуруп калышты. Аларга Өзбекстан жарым миллион тонна картошка сатып аларын убада кылышкан. Бирок иш жүзүндө картошканын баасы өз наркынан да төмөндөп кетти. Бул ирет айыл чарба министри Нурбек Мурашев  соя, чечевица жана буурчак айдоо быйыл кирешелүү болорун билдирди. Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандар менен жолугушууда министр картошканын ордуна соя айдоону сунуштаган.

"Былтыркы 400 гектар соя айдоону быйыл 5 миңге чейин чыгарууну сунуштайбыз. Соя төө бурчак тобундагы өсүмдүк, бирок анын түшүмдүүлүгү бир, эң көп дегенде эки тонна чыгат, ал эми соянын түшүмдүүлүгү 3,5 тоннага чейин жетет. Бир килограммынын баасы 100-120 сомго чейин чыгат, бул абдан кирешелүү", — деп билдирген Мурашев.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы соянын түшүмдүүлүгү кандай экенин, министр айткандай чындап эле 100-120 сомго чыгар-чыкпасын тактоону чечти.

Кыштак ичинде гана сатылат

Александровка айыл өкмөтүнүн (Чүй облусу) жетекчиси Ибрагим Багинин айтымында, айылдаштары да, өзү да чакан аянттарда аталган өсүмдүктү өстүрөт.

"Гектарынан 2-2,5 тонна алынат. Бирок аны пайдалангандар аз, ал — тоют өсүмдүгү. Сатык кыштак ичинде гана жүрөт, аны мал кармагандар гана сатып алат. Мал үчүн жакшы кошумча жем болуп берет. Азыр 25 сомдон сатылат, былтыр 2-3 сомго кымбат болчу", — деди Баги.

Айыл башчы соя кыштактын ички пайдалануусу үчүн гана өстүрүлгөндүктөн, айылга сатып алуучулар келбесин айтат.

"Эгер баасы 35-40 сомго жетсе, анда айдоого ашыкмакпыз", — деп кошумчалады ал.

100 сомдук сояны уккан барбы же кайра иштетүүчүлөр кандай баа сунуштайт?

"Атылык Групп" ЖАКтын жарнама адиси Руслан Курманалиевдин маалыматына таянсак, алардын ишканасы дыйкандарга урук сатат, жыл башынан бери да кардарлар менен келишим түзө баштаган. Компания түшүмдү кепилденген 26 сомдон сатып ала алат. Аталган жабык акционердик коом андан май, шрот (жаныбарларга жем катары пайдаланылган күнжара) чыгарат. Ишкана беш жыл бою май өндүрүлчү өсүмдүктөрдү, анын ичинде сояны 7 миллион сомго сатып алуу боюнча USAID менен меморандумга кол койгон.

"Бирок бул фермерлер аларга дал 26 сомдон сатат дегендик эмес. Эгер алар 100 сомго ала турган сатып алуучулар чыгып калса, биз алар үчүн кубанычта гана болобуз. 26 сом — бул дыйкандар үчүн кепилденген гана баа", — деди Курманалиев.

Анын жеке эсебинде соянын килограммы 26 сом болушу негиздүү.

"Бир гектарга айдала турган уруктун баасы 5 миң сомду түзөт. Орточо түшүмдүүлүк — 2 тонна, киреше — 52 миң сомдун тегерегинде. Ага кошумча, техника, жер семирткичтерге кеткен жана башка чыгымдар бар. Баа экономикалык жактан негизделген", — деп белгиледи Курманалиев.

Соянын басымдуу бөлүгү адатта кант кызылчасы айдалган аймактарда өстүрүлөт. Ошондой эле аны сугат көйгөйү жок жерлерде айдаган оң.

Ал Кыргызстанда сояны сатып алууда 100-120 сом деген баа жок, андайды укпаганын айтты.

Мындай баа — жалган

Oasis Agro (тоют чыгарган) ишканасынын соя өстүрүү боюнча адиси, кеңешчиси Турсунбек Мусакулов 100 сомдук сояны укканда "төбө чачы тик турганын" айтат.

"Соянын баасы 100-120 сом экендиги калп. Дүйнөлүк баасы сезонунда 25 сомго, кийинчерээк килосу 29-30 сомго көтөрүлөт", — деди Мусакулов.

Анын айтымында, аталган өсүмдүккө өлкөдө талап күч, түшүм ички керектөөнү да жаппайт. Себеби соядан кошумча тоют чыгарылат.

"Ансыз тоют жакшы чыкпайт, анткени анын курамында протеин 40 пайызга чейин камтылат", — деп белгиледи ал.

Эгер жакшы кам көрүлсө, гектарынан 3,5 тоннага чейин түшүм алууга болот. Анан калса, Кыргызстандагы бардык эле жерлер соя айдоого ылайык келбейт.

"Ысык-Көлдө айдоого эксперимент жасалган, бирок өнгөн эмес, ал жакта күн суук. Соянын өнүп, өсүп чыгыш убагы 120 күнгө дейре жетет. Түштүктө, мисалы, апрелде себилип, сентябрдын аягында жыйналат. Тез жетилген дагы бир түрү бар, бирок түшүмдүүлүгү төмөн", — деди Мусакулов.

Соя жылуулукту гана сүйбөстөн, ага сугат жер да зарыл, ошол себептен кайрак жерде өстүрүү мүмкүн эместигин кошумчалады адис.

972
Белгилер:
жер, дыйкан, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Айыл чарба министринен кеңеш: эми картошка эмес, соя эккиле