Москвада ымыркайын миллион рублге саткан кыргызстандык аял кармалды

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөрүп турган аял. Архив
Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жаңы төрөлгөн ымыркайына ата-энени социалдык тармак аркылуу издеген.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Москвада 23 жаштагы кыргызстандык аял жаңы төрөлгөн кызын миллион рублге сатканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын жаңы төрөлгөн ымыркайдан тышкары башка эркектерден дагы эки баласы бар. Бирок турмушка чыккан эмес.

Преображенск райондук соту кармалган аялды 6-майга чейин камакка алды.

Свидетельство о рождении ребенка в КР - Sputnik Кыргызстан
Бала сатты деген гинекологдор. Экөө документти жасалмалаганын моюндады
Аял бир жума мурда Уфадан Москвага келген. 5-мартта ал "сатып алуучу" менен жолугуп, 1 миллион рубль алып Москвадагы батирлердин биринен кармалган. Сурак учурунда ал бардык күнөөсүн моюнга алган.

"Известия" басылмасы жазгандай, жаңы төрөлгөн ымыркай учурда ооруканада, абалы жакшы. Толук текшерүүдөн өткөндөн кийин балдар үйүнө берилет.

Ал эми ымыркайдын апасы ата-энелик укуктан ажыратылат. Ал алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0