Апама, жубайыма жана мага куттуктоо келиптир. Төрага куттуктаган кишинин эмоциясы

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө куттуктоонун ээси катты соцтармакка жарыялоо менен төраганы уят кылуу максатын көздөбөгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын атынан куттуктоо алган Айбар Султангазиев окуянын чоо-жайын айтып берди.

Эркек кишини 8-март майрамы менен куттуктап шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жөнөткөн ачык каты социалдык тармакка жарыяланып талкууга түштү.

Өзгөчө куттуктоонун ээси катты соцтармакка жарыялоо менен Абировду уят кылуу максатын көздөбөгөнүн билдирди.

"Мен жер тамда жашайм. Бүгүн эртең менен келинчегим дарбазага кыстарып кеткен үч-төрт катты алып кирди. Апама, келинчегиме куттуктоо келиптир, арасынан менин атым жазылган открытка да чыгып жатпайбы. Көңүлүбүз көтөрүлүп күлүп койдук. Анан уялбай эле майрамдык маанай болсун деп баракчама чыгарып койгом. Мындай мэм болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Шаардык кеңеш менен саясий кастыгым жок. Аларды атайын уят кылайын деген эмесмин. Шаардык кеңеште тамаша иретинде жөнөтө турган досторум деле жок. Алар менен эми достошуш керек", — деди Султангазиев.

Майрамды утурлай, төрага Жаныбек Абиров жеке эсебинен өзү депутат болуп шайланган округдун аялдарын куттуктоого 8000 открытка жасаткан. Бишкек шаардык кеңеши мындай катага ким жол бергенин териштирип жатат.

Белгилей кетсек, Айбар Султангазиев Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0