Таштанды. Архив

Кыргызстанда 500 жай таштандыларды мыйзамсыз чогултуп кайра иштетет

222
(жаңыланган 17:07 07.03.2019)
Айына 80-100 тоннадай даяр продуктуну бир компания Кыргызстандан алып чыгып кетет.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Арсен Рыспеков өлкөдө таштандыны кайта иштетүүнүн абалы кандай экенин айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат жыйынында болгон тегерек столго катышты.

Рыспековдун айтымында, Кыргызстанда кайта иштетүүгө мүмкүн болгон таштандыларды — желимди, картонду, кагазды жана айнекти күн сайын 500 мекеме кабыл алат.

"Бул мекемелер көмүскө иштейт. Документтерди мыйзамдаштыруу оор экенин бизге айтышууда. Ошондой эле техникалык жана тиричилик таштандыларын кайта иштеткен ондогон мекемелер бар, алар да мыйзамсыз иштешет", — деди ал.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Максат Өмүровдун айтымында, кайра иштетүүчү мекемелер Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан.

"Алар бөтөлкөлөрдү түсүнө жараша бөлүп, майдалап кайра иштетет. Айына 80-100 тоннадай даяр продуктуну бир компания Кыргызстандан алып чыгып кетет. Мындай компаниялар ондоп саналат", — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу өлкөдө полиэтилен баштыктары менен пластик идиштерди өндүрүүгө жана ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Эгерде ал талаптар сакталбаса, административдик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда.

Мисал катары коомдук жайга таштанды таштагандарга 17 миң сом, өрттөгөндөргө 23 миң сом айып салуу каралууда.

Ал ортодо Кыргызстандагы ишкерлер коомчулугу бул мыйзам долбооруна каршы болууда. Анткени мыйзам кабыл алынса, ишкерлер көп чыгым тартып калат дешүүдө.

222
Тема боюнча
Депутат: беш саат Ысык-Көл астында сүзүп бир да балык көргөн жокмун
Рыспеков: Кыргызстанда учурда 16,5 млн. тонна таштанды жатат
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт

Айсулуу Киев мелдешинде атаандаштарын ишенимдүү утуп, финалга чыкты

32
(жаңыланган 00:54 28.02.2021)
Кыргызстандык балбан кыз эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет. Ал финалга чейинки атаандаштарынын баарын толук артыкчылык менен утту.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.

Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.

Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

32
Белгилер:
финал, мелдеш, Киев, күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Жоламан Шаршенбеков Киевде өтүп жаткан эл аралык мелдештин финалына чыкты
Мамлекет башчы Садыр Жапаров

Жапаров: Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган

18
(жаңыланган 00:11 28.02.2021)
Президент дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.

27-февраль күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

“Күлүйпа апабыз кыргыз мамлекеттүүлүгү жарала электе, башкача айтканда, элибиз автономия тууралуу оозанмак түгүл кыялданганга шаасы жетпей турган, Үркүндөн кийинки оор замандарда Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Кара-Жыгач деген конушунда 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. Замандын талабын туйган элеттик кыз эл жүгүн аркалоого эртелей аттаныптыр. Сабатсыздыктын арааны күч ошол мезгилде кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, тайманбастан Пишпекке окууга келет. Бул да эрдикке тете иш эле. Он сегиз жашында педагогикалык окуу жайын аяктагандан тартып кылымдар тогошкончо, XXI кылымдын башына чейин, тагыраак айтканда, сексен жаштан өткөнчө жалаң мамлекеттик, өкмөттүк жана коомдук иштерди аркалады”, — деди Жапаров.

Ал Кондучалованын кызматтык жолуна да кыскача токтолгон.

“Жакшылап баам салсак, кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа энебиздин тушунда арбын жасалды. Четинен эле санап, мисал кыла кетейин. Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат.

Президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Декаданын чындап эле жогорку деңгээлде өткөнүн кыргыз таланттары багындырган сыйлыктары далилдеп турат. Маселен, 2-декаданын жыйынтыгы менен опера жана балет театрына академиялык статус берилген. 9 киши Ленин ордени, 41 киши Эмгек Кызыл Туу ордени, 86 киши Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Залкар актёр Муратбек Рыскулов, ай чырайлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева, туңгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева СССРдин эл артисти наамдарын алышкан. Күлүйпа Кондучалованын ар бир талантты көрө билип, бапестеп таптагандыгынын аркасында СССРдин эл артисти ардактуу наамына татыктуу болгондор көбөйгөн. Саны боюнча салыштырганда 15 союздук республиканын ичинен Кыргызстан үчүнчү орунда турган! Кыргыз өнөрпоздору мына ушинтип эл аралык деңгээлде тааныла баштаган”, — деди Жапаров.

Президент дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу экенин кошумчалаган.

18
Белгилер:
Күлүйпа Кондучалова, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери