Барчынай Узгенбаева

Мушкер Барчынай Узгенбаева Россиядагы сулуулук сынагына катышууда. Сүрөттөр

2234
(жаңыланган 13:16 11.03.2019)
Учурда мушкер кыз сынактын экинчи турунан өтүү үчүн Чеченстанга учуп кеткен.

Бишкек. 10-мар.  — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Барчынай Узгенбаева Queen Fighter of the World аталышындагы спортчу кыздардын эл аралык сулуулук сынагына катышууда. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү билдирди.

Ошондой эле уюштуруучу тарап дагы Кыргызстандын атынан Барчынай Узгенбаева катыша турганын Instagram баракчасы аркылуу билдирген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

- M O T I V A T I O N - . . 📝Я Узгенбаева Барчынай. Являюсь спортсменкой из Кыргызстана. Спортом я начала заниматься с малых лет. Начала заниматься боксом. Я была единственной девочкой в своем городе, которая пошла в такой вид спорта, в то время, когда мои подруги ходили на танцы, балет. Я была одна среди мальчишек и многие не одобряли мое присутствие в спортзале, но меня это не останавливало. Также я записалась в грэпплинг, и продвигалась всё дальше и дальше к профессиональному спорту ММА. Для меня мотивацией были девушки из UFC. Такие как Ронда Роузи, Джина Карано. Я очень хотела , чтобы моя мама гордилась мной, ведь моей поддержкой и опорой была именно она. Еще одной моей мечтой было - защищать свою родину. Мне безумно нравилась полицейская форма. Закончив школу, я поступила в Академию МВД Кыргызской Республики. Сейчас я являюсь лейтенантом полиции. В детстве я очень много мечтала и ставила себе цели. Я могу сказать что я добилась того, о чем так очень мечтала и это всё благодаря спорту. Сейчас я являюсь лейтенантом полиции, защищаю свою родину. Также являюсь : •2-х кратной Чемпионкой Азии по Грэпплингу. • Бронзовой Чемпионкой Мира. • Неоднократной Чемпионкой Кыргызской Республики по 5 видам спорта и также являюсь победительницей разных турнирав ММА, таких как "JFC", "FIGHT NIGHT", "WEF" Сейчас, могу сказать, что мной гордится не только моя мать, а вся моя страна - Кыргызстан. Хочу сказать всем : мечтайте, ставьте себе большие цели, делайте то, что вам нравится, и никогда не останавливайтесь, пока не добьетесь того желаемого. Никогда не слушайте окружающих и чужое мнение. Делайте то, что вам нравится. Это ваша жизнь. . #queenfighteroftheworld #queenfighter #queenfighter2019 #queenofsportinternational #queenofsport #queensport #Alexgroup #Alexgroup_konkurs #LadyBoxing #LadyBoxingTeam #ladyboxing #AleksaLukas #aleksalukasteam #AleksaLukasBoxingTeam #Crimea #beautycontestCrimea #beautycontestRussia #конкурскрасоты #конкурскрасотыроссия #международныйконкурскрасоты #sportcontestCrimea @aleksa_lukas @alexgroup_konkurs

Публикация от Queen Fighter of the World (@queenfighter_world)

Уюштуруучулардын билдиришинче, Queen Fighter of the World эл аралык сынагы алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Финалы 2-6-апрель күндөрү Крымдагы Ялта шаарында болмокчу. 

"Бул конкурска спорттун жеке кармаштарын аркалап, ийгиликке жетишкен мушкер кыздар катыша алат. Сынак эл аралык спорт күнүнө карата өткөрүлүүдө", — деп жазылган Instagram баракчада.

Барчынай Узгенбаева Sputnik агенттигине учурда сынактын экинчи туру өтүп жатканын айтып берди. Ага катышуу үчүн 30 мамлекеттин спортчусу Чеченстанга учуп барган.

"Конкурстун биринчи бөлүгүндө кыздар уюштуруучулар аркылуу тандалды. Азыр экинчи турунда катышуучулар сүрөт, видеого түшөт, ошондой эле аскердик чеберчилигин көрсөтөт. Маселен, кечээ ок аттык. Үчүнчү турунда катышуучуларга интернет аркылуу добуш беришет. Андан өтсөк, финалда кадимкидей сахнада көйнөк кийип, образдарды тартуулап, бийлеп, өнөр көрсөтөбүз" - деди Узгенбаева.

  • Кыргызстанский боец смешанных единоборств (ММА) Барчынай Узгенбаева принимает участие в конкурсе красоты и спорта Queen Fighter of the World
    Барчынай Узгенбаева
    © Фото / Барчынай Узгенбаева
  • Кыргызстанский боец смешанных единоборств (ММА) Барчынай Узгенбаева принимает участие в конкурсе красоты и спорта Queen Fighter of the World
    Барчынай Узгенбаева
    © Фото / Барчынай Узгенбаева
  • Кыргызстанский боец смешанных единоборств (ММА) Барчынай Узгенбаева принимает участие в конкурсе красоты и спорта Queen Fighter of the World
    Барчынай Узгенбаева
    © Фото / Барчынай Узгенбаева
1 / 3
© Фото / Барчынай Узгенбаева
Барчынай Узгенбаева

Ал кошумчалагандай, сынактын жеңүүчүсүнө Queen Figher of the World деген жазуусу бар чоң кур тагылат.

23 жаштагы Барчынай Узгенбаева грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону жана Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Панкратион боюнча КРдин чемпиону, ММА боюнча профессионалдуу мушкер. Fighter KG клубунда, машыктыруучу Кенжебек Чекировдун кол астында тарбияланат. Каймана аты — Багира.

Эске сала кетсек, былтыр Узгенбаева WEF Global турниринин алкагында өзбекстандык Шахзода Рахимованы утуп алган. Кийинчерээк атаандашы аны реванш-беттешке чакырып, кайрадан кыргызстандык кызга утулуп калган.

Барчынай Узгенбаеванын грэпплинг боюнча мастер-классын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарткан видеодон көрсөңүз болот. 

Ал эми мушкердин бала чагы, үй-бүлөсү, спорттук жолу тууралуу маек да даярдалган.

2234
Белгилер:
Барчынай Узгенбаева, мушкер
Көчөдө бараткан адам. Архив

Эксперт: COVID бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоодой болуп калышы мүмкүн

19
(жаңыланган 12:41 01.08.2021)
Адистин айтымында, дүйнөдө беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Ошентсе да алар коронавирустун жеңил түрү менен ооруй бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коронавирус бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоо сыяктуу болуп калышы ыктымал. Ал тургай ага антителасы барлар да ооруп, эл дартты жеңил формада көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу антисептиктин формуласын ойлоп тапкан швейцариялык адис Дидье Питте РИА Новостиге берген маегинде айткан.

Ал дүйнөдө пандемияга алып келген коронавирустун бир нече түрү бар экенин айтып, бирок адамдар жуктуруп жаткан түрүнө иммунитет бала кезден эле иштелип чыгарын белгилеген.

"Биз бул вирустарды билип, иммунитет иштелип чыккан күндө деле убакыт өткөн сайын ал жеңил сасык тумоо сыяктуу болуп калат. Беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Бирок анын жеңил түрү менен ооруй берет. Ал сасык тумоодой эле болуп калат", — деди ал.

Питте дүйнөдө коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаганда жамааттык иммунитеттин пайда болуусу үчүн 6дан 10го чейин коронавирус толкуну болушу керек эле деген ойду кошумчалаган. Ал калк канчалык көп эмделсе, дүйнө ошончо эрте кадимки жашоого кайтарын эскертип, балдарды да эмдөө керектигине токтолгон.

19
Белгилер:
коронавирус, сасык тумоо, мутация, эмдөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дарыгер коронавирустан кийин кимдерде тромбоз пайда болорун айтты
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

8
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

8
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны