Филармониянын алдындагы Манастын эстелигин жууп тазалашты. Видео

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдына тургузулган Манастын эстелигин жууду
Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдына тургузулган Манастын эстелигин жууду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстеликти жууп-тазалоо үчүн өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдына тургузулган Манастын эстелигин жууду. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook тармагында түз эфир аркылуу жазды.

"Эстеликтерди жууп-тазалоо сезонун баштадык", — деп жазган видеонун астына.

Анын айтымында, эстеликти жууп-тазалоо үчүн өрт өчүрүүчү жана жерлерди сугаруучу унаалар колдонулган.

Жакында филармонияны оңдоп-түзөө иштери башталат, аны үчүн жалпысынан 31,5 миллион сом сарпталат.

Ал эми "Ала-Тоо" аянтынын чок ортосунда Айкөл Манастын айкели орнотулган. Анын бийиктиги 21 метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0