Адис: казак буудайынын кымбатташы ундун баасын көтөрөт

Жазылуу
Кыргызстандык тегирменчилер казак буудайынан көз каранды болгондуктан, өлкөдөгү ундун наркына таасир эте албайт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери Казакстандын буудайы кымбаттап кеткендиктен, Кыргызстанда ундун баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу КРдин Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Өткөн жылдын декабрь айында Луговая станциясында бир тонна буудай 170-175 долларга сатылса, азыр 205-210 долларга көтөрүлдү. Андыктан биздин ун эки сомго, казак уну үч сомго кымбаттады. Ошондой эле айрым жерлерде нандын баасы бир сомго жогорулаганы айтылууда", — деди Жунушев.

Анын пикиринде, буга Казакстанда быйыл буудайдын аз болушу себеп болууда. Анткен менен коңшулардан Өзбекстандын көбүрөөк буудай ала баштаганы дагы роль ойношу мүмкүн.

Жунушев кыргызстандык тегирменчилер казак буудайынан көз каранды экенин, андыктан өлкөдөгү ун баасына таасир эте албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0