Алтынчы күнү жалпы республикалык ишембилик өтөт

Жазылуу
Уюштуруу маселелери өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлмөкчү.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында жалпы республикалык ишембилик өтө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бак-дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына 10 миңден ашуун бак отургузулат
Мында мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш экени айтылат.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0