БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Экс-депутат Карганбек Самаков жатак абагына которулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖАМКтын маалымат кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
"Самаков жаңы мыйзамдардагы гуманизациядан кийин жатак абагына которулду. Ал мыйзамга ылайык, ага берилген жазанын үчтөн бирин өтөп бүттү. Эми анын бир жарым жылдык мөөнөтү калды. Эми ал өзүнүн ишине барып келип турууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок бул мезгил аралыгында чет өлкөгө чыкпашы жана ар кыл саясий иштерге катышпашы керек", — деп билдирди Сабатарова.
Эске салсак, Октябрь райондук соту 2017-жылдын 20-декабрында экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Бирок эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.
2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлери жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы май айында кылмыш иши козголгон. Ал эми ноябрда Башкы прокуратура ишти сотко өткөргөн.Самаковдон тышкары аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге иш ачылган.
Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.