Аталган фестиваль Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында 9-март күнү башталган. Ал жакка барган кыргыздын тогуз алп жигити оюн-зоокко катышып, баатырлардын жана хандын желдеттеринин образын жаратып жүрүшөт. Башкы максаты — кыргыздын жүзүн көрсөтүү. Бул демилге Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын президенти Аскат Акибаевге таандык.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы алп адамдар тууралуу бир топ маалыматтарды чогултту.
Тилектеш Үсөнакунов — бою 2,05 метр, салмагы 130 килограмм. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында туулган.
Кайрат Өмүркулов — бою 2,03 метр, салмагы 136 килограмм. Суусамырдын Кожомкул айылында туулган.
Инамидин Бектемиров — бою 2 метр, салмагы 127 килограмм, жеке ишкерлик менен алектенет. Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында тулган.
Чыңгыз Арстанбек уулу — бою 2 метр, салмагы 135 килограмм, киноактер. Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган.
Алмаз Бекботоев — бою 198 сантиметр, салмагы 120 килограмм, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актеру. Таластын Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынан болот.
Абдирахман Амракулов — бою 195 сантиметр, салмагы 120 килограмм, көк бөрүчү, мурунку боксчу. Жердиги Ош шаарынан.
Тилек Усупов — бою 195 сантиметр, салмагы 125 килограмм, Бокс федерациясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн директору. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында туулган.
Азамат Бектурсунов — бою 195 сантиметр, салмагы 120 килограмм, грек-рим күрөшү менен машыгат. Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.
Топтун жетекчиси Нурислам Койгелдиев алп жигиттерди табууга эки айга жакын убакыт кеткенин айтты. Аларга чет элдиктер суктанып, сүрөткө түшүү үчүн курчап алып, кээде барчу жерине кечигип калышууда дейт.
Алп жигиттердин ичинен эң узуну Тилектеш Үсөнакунов 41 жашта, үч уулдун атасы. Ал Бишкекте товар ташыган компанияда иштейт. Фестивалга чакырганда дароо эле макул болгонун билдирди. Жок дегенде ушул жагынан өлкөгө пайдам тиет экен деп сыймыктанып жүрөт.
"Мен үчүн чет өлкөдө кыргыз баатырларынын элесин чагылдырып, мекенибиздин атын даңазалоо чоң сыймык. Ушул жагынан болсо да өлкөгө салым кошуп туралы. Биз тогуз бир тууганбыз, алардын ичинен менин гана боюм узун. Ата-энем деле орто бойлуу. Бирок чоң атам чоң болгон экен. Эки-үч табак тамакты же бир койдун этин бир отуруп жейм десем жалган айткан болом. Сиздер сыяктуу эле тамактанам. Албетте, Нарындан болгондуктан дасторкондон эт үзүлбөйт", — деди Үсөнакунов.
Бою 2,03 метрге жеткен экинчи алп Кайрат Өмүркулов келгендердин көбү "эмне жеп чоңойдуңар?" деп кызыга сурап жатышканын айтат.
"Сурагандарга таза абада табигый тамактарды жеп чоңойгонубузду айтып жатабыз. Чынында этсиз бир күн да тура албайбыз. Эттүү жана камыр тамактар сөзсүз түрдө болушу керек. Менин чоң атам, таятам да чоң кишилер эле. Учурда жашым 41де, бир уул, бир кызым бар", — деди Өмүркулов.
Карылуу жигиттердин бири Инамидин Бектемиров социалдык тармактарда аларды казак деп жаткандар болгонун белгиледи. Себеби буга чейин кыргыздын мындай алптары ири иш-чараларга катышчу эмес.
"Айрымдары бизди казактар менен алмаштырып алышууда. Балким алар Кыргызстанда дагы алптар бар экенин билишпейт го. Бул фестивалга казактардан да эки-үчөө келиптир. Тааныштарым аркылуу байланышып фестивалга чакырышкан. Мен Сауд Аравияга биринчи жолу келип жатам. Өзүм Бишкекте сырткы жарнамаларды даярдап иштечүмүн", — деди Бектемиров.
Баатырлардын кийимин иштеп чыккан дизайнер, салттуу билим ээси Асел Калканова тогуз алпка үч түрлүү форма даярдаган. Ага эки ай убакыт кеткенин билдирди.
Алптардын өтүгүнүн өлчөмү 47 сантиметрден башталып 53кө чейин жетет. Аны Бактыбек Байызов аттуу өтүкчү териден жасаган. Баатырлар кийген соотторду даярдоого Улан Дербишалиев, Максат Коңурбаев тартылган. Ал эми кылыч, калкандарын Акыл Турдубаев аттуу зергер жасаган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда мамлекеттин казынасына 3 миллион 500 миң сом зыян алып келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дарыларды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.
"Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын эсебинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында башка дары-дармектер менен катар лопинавир/ритонавир препаратын сатып алганы аныкталды. Кийинчерээк ал банк тарабынан баалоо баскычында сатылып алынган дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.
Бирок буга карабастан, министрлик чукул зарылчылыктан улам 2020-жылдын 13-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен "М" ЖЧКсы ишканасынан жалпы баасы 3,5 миллион сомго калидавир (аналогдук) дарысын түз сатып алган. Препарат ошол боюнча кампада турат, эч бир ооруканаларга бөлүштүрүлгөн эмес.
Аталган министрликтин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 3,5 миллион сомдук бюджеттик каражат негизсиз пайдаланылып, калидавир дарысы алынган. Муну менен казынага ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ишти ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн текшерүүнүн материалдары Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева белгилегендей, бүтүрүүчүлөр ЖРТга окуган жери боюнча каттоого турушат. Ал эми мурдагы жылдары мектепти аяктагандар шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн системага кирүүгө уруксат алышы керек.
Каттоого туруу үчүн абитуриенттердин төмөнкү документтери болушу шарт:
Белгилей кетчү жагдай, бардык документтердин түп нускасы алынат. Көчүрмөсү жарабайт.
"Документке тиркеле турган сүрөттү уюлдук аппартка же фотоаппаратка тартса болот. Башкысы — сапаты мыкты болушу керек. Бүтүрүүчү камерага түз карап, кыйшайбай түшүшү шарт. Бети экрандын так ортосунда болушу керек. Шарф сыяктуу нерселерди тагынганга болбойт. Талаптар паспортко түшкөндөй эле. Эгер сүрөт туура эмес болуп калса, ЖРТга каттоо дагы мүмкүн эмес болуп калат", — деди Батракеева.
Ал, ошондой эле, учурда айрым бүтүрүүчүлөрдүн чаар ала фонго түшкөн же башка сүрөттөн кесилген сүрөттөрү келип жатканын кошумчалады.