Коляскадагы балдар. Архивдик сүрөт

Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялады

121
(жаңыланган 10:06 14.03.2019)
Өлкө конвенцияны ишке ашыруу милдетин 2011-жылы алган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылы 13-декабрда кабыл алынып, Кыргызстан ага 2011-жылы кошулган. Жогорку Кеңеш документти быйыл 7-февралда үчүнчү окууда жактырып берди.

"Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Эми Тышкы иштер министрлиги ратификация грамотасын БУУнун Башкы катчысынын дарегине жөнөтүшү керек.

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

121
Белгилер:
конвенция, укук, майып, БУУ
Тема боюнча
Майып балдарды карагандар айлык ала баштады
Люди в пункте вакцинации против COVID-19 в торговом центре Гостиный двор в Туле.

Өспүрүмдөр COVID-19га каршы эмделиши керек. Себебин адис түшүндүрдү

0
(жаңыланган 10:47 22.06.2021)
Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Ал эми Pfizer вакцинасы 2021-жылдын март айында 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өспүрүмдөр адатта COVID менен жеңил формада оорушат. Бирок алар дайыма чоңдор менен байланышта болгондуктан, аларга жугузуп салбоо үчүн вакцина алышы керек. Бул тууралуу "Известия" басылмасына BestDoctor аталышындагы медицинаны өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Юлия Ткаченко билдирди.

Ошол эле учурда дарыгер балдар коронавирустун жаңы штаммдарын, анын ичинде "индия" штаммын кандай кабыл алары тууралуу маалыматтар жок экенин айтат.

"Өспүрүмдөргө эмдөө эмне үчүн зарыл? Алар инфекция жуктуруу жагынан негизги звено болуп эсептелет. Өздөрү ооруну жеңил көтөргөнү менен ар дайым ата-энеси, чоң ата, чоң апасы же башка жашы өтүп калган туугандарына жуктуруп коюшу мүмкүн", — деди Ткаченко.

Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Дарыгердин айтымында, бул нерсе жаңылык эмес. 2021-жылдын март айында Pfizer вакцинасы 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан. Ал эми AstraZeneca вакцинасы кыйыр таасиринен улам изилдөөгө алынбай токтоп турат.

0
Белгилер:
эмдөө, коронавирус, өспүрүм, вакцина, Россия
50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке

Бир апта акысыз ташыйт. Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады. Сүрөт

76
(жаңыланган 10:12 22.06.2021)
Бишкектеги жаңы автобустар беш маршрут боюнча бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташымай болду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бүгүн, 22-июнь күнү, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Выход на линию новых автобусов в Бишкеке
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Выход на линию новых автобусов в Бишкеке
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Выход на линию новых автобусов в Бишкеке
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Выход на линию новых автобусов в Бишкеке
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Выход на линию новых автобусов в Бишкеке
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Выход на линию новых автобусов в Бишкеке

Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү автобуска 38 киши батат, анын ичинде 16сы орундукка отуруп барат.

Алар төмөнкү маршруттар менен каттайт:

  • №10 жана №11 муршруттар — Ак-Ордо (айлампа);
  • №12 маршрут, Маевка айылы — Көк-Жар айылы (айлампа);
  • №13 маршрут, Муромская көчөсү — Кырман жаңы конушу;
  • №14 маршрут, №12 кичи район — Ак-Ордо жаңы кошуну.

Автобустарды алып келип иштетип жаткан "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компаниянын маалыматына караганда, жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт.

"Бул автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакыт ичинде алып келинди. Газ менен жүргөн автобустар шаарга 1-июлга чейин жеткирилет. Бардыгы 350 автобус алып келүү пландалып жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.

76
Белгилер:
жүргүнчү, автобус, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мэрия коомдук транспортту дезинфекциялоону күчөтүп, жүргүнчүлөргө кайрылды