Икрамов: ооба, жаңылдым, айрым кесиптештериме жиним келди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин 13-мартындагы жыйынында 8-март күнү Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жүрүшкө чыккан феминисттердин маселеси каралган. Анда депутат Тазабек Икрамов "гомосексуализм" деген сөздү айта албай койгон.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов палатанын 13-марттагы жыйынында "гомосексуализм" деген сөздү эмоцияга алдырып туура эмес айтып алганын билдирди.

Эл өкүлү айрым ЖМКлар анын туура эмес айтып алган жерин кесип алып, ар кандай калчап жатканына токтолду.

"Айрым журналисттер кечээки парламентте гомосексуализм боюнча жаңылып калган жеримди кесип алып, ар кандай ракурста айлантып жатат. Ооба, мен жаңылдым, палатада кызуу талкуу учурунда эмоциямды кармай албай, сөздү туура эмес айтып алдым. Мамлекеттин борбордук аянтында элимдин нарк-насилине каршы иш-чара жүрүп жатса, палатада анча-мынча коллегаларым аларды колдоп жатса, жиним келбей койгон жок. Ошондуктан эмоцияга алдырып койдум", — деди ал.

Депутат, андан сырткары, бул жигит оозуна алгыс сөз экенин кошумчалады.

Парламенттин 13-мартындагы жыйынында 8-март күнү Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жүрүшкө чыккан феминисттердин маселеси каралган. Анда депутат Тазабек Икрамов "гомосексуализм" деген сөздү айта албай койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0