Дүйнө шаарларынын рейтингинде Бишкектин абалы бир сапка жакшырды

Жазылуу
Кыргызстандын борбор калаасы былтыркыга салыштырмалуу бир гана тепкичке көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Mercer аналитикалык компаниясы жашоо сапатынын мыктылыгы боюнча дүйнө шаарларынын рейтингин жарыялады. Анда Бишкек 206-орунду ээлеген.

Быйыл Mercer дүйнөнүн 232 калаасын салыштырган. Рейтингди түзүүдө шаардын экономикалык, саясий жана социалдык шарты, транспорту, тамак-ашы, тиричилик буюмдары, климаты, социалдык-маданий чөйрөсү, билим берүү менен медицинанын деңгээли эске алынган.

Таллин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абасы таза мамлекеттер аталды. Алдыңкы беш өлкөнүн тизмеси
Бишкек былтыркы иликтөөгө салыштырмалуу бир тепкичке көтөрүлгөнү айтылат. Буга карабастан шаар тизменин арткы сабында.

Рейтингдин башында Австриянын борбору Вена шаары турат. Бул калаа жашоо үчүн эң ыңгайлуу делип 10 жылдан бери тизме башынан түшпөй келет.

Алдыңкы беш шаардын катарына Цюрих (Швейцария), Ванкувер (Канада), Мюнхен (Германия) жана Окленд (Жаңы Зеландия) кирген.

Борбордук Азия чөлкөмүнөн эң мыкты шаар деп 177-орунду алган Алматы табылды. Андан кийинки орунда 203-саптагы Ташкент турат. Бишкек 206-сапта болсо, Ашхабад 211-орунду ээлеген.

Тизмени 231инчи болуп Ирактын борбору Багдад шаары жыйынтыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0