Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери дүйнө салды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАрдагер. Архив
Ардагер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуштан кийинки өмүрүн тартип сакчылыгына арнаган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүн, 14-март күнү, Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери, милициянын капитаны Гаваз Мингараев 95 жашында көз жумду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канат Керезбековдун агасы көз жумду
Гаваз Мингараев 1924-жылы 1-июлда Татарстандын Октябрь районунда төрөлгөн. Ал 1942-жылы 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Согуш аяктагандан кийин мекенине кайтпай, 1949-жылга чейин Советтик Армиянын катарында жүргөн. Кийин Кыргызстанга келип, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Тергөөчү, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.

Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0