Россиялык меценат Ысык-Көлдөгү балдар үйүнө 74 тонна курулуш материалдарын берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПуск обжиговой печи на "Ревдинском кирпичном заводе" в Свердловской области
Пуск обжиговой печи на Ревдинском кирпичном заводе в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канттагы авиабазанын учкучтары курулуш материалдарын алып келип беришти.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасынын аскер учкучтары Ысык-Көл облусундагы "Мээрим Булагы" балдар үйүнүн корпусун куруу үчүн курулуш материалдарды алып келип беришти. Бул тууралуу авиабазанын маалымат кызматы билдирди.

Базадан маалымдашкандай, балдар үйүнүн жетекчилиги турак жайды кеңейтүү үчүн коомчулуктан бир нече жолу жардам сурап кайрылган.

Ортоңку Уралдагы меценат колун сунуп, жардам көрсөткөн.

Екатеринбургдан жүктөлгөн курулуш материалдары авиабазанын аскерлери тарабынан Ысык-Көлгө жеткирилди. Эми балдар үйүнүн жетекчилиги тарбияланып жаткан балдар үчүн турак жай курат. Учурда балдар үйүндө 18 бала жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0