Быйылкы ажылык сапардын баасы бычылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетчү жагдай, айрым аймактарда ажыга барчулар көп болгондуктан кезекке туруп калгандар бар.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 2019-жылы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3000 долларды түзгөнүн муфтияттан кабарлашты.

Паломники в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барчуларды каттоо башталды
Маалыматка ылайык, мында 2018-жылы ажылык серверге катталып, 500 долларын төлөгөндөр жана быйыл зыяратка барам деп 500 долларын, ошондой эле кайтарымсыз 700 сомун төлөп, ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алгандар 2500 доллар төлөйт. Акча 14-марттан 29-мартка чейин кабыл алынмакчы.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравия падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.

Буга чейин авиабилеттин баасы, зыяратчылардын кийимин тикчүлөр аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0