Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды

Жазылуу
Эки тараптын сүйлөшүүсү бүгүн да уланат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

Ага ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин чек арада кишилердин топтолушу катталган эмес.

"14-мартта Дача аймагында эки тараптын делегациялары жолугушкан. Кыргыз тараптан вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы, Баткен облусунун жетекчиси, ИИМ жетекчисинин орун басары жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан. Ал эми тажик тараптан болсо вице-премьер, Тажикстандын чек ара аскерлеринин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун губернатору, облус прокурору жана башка тийиштүү кызматтын өкүлдөрү келди", — деп айтылат маалыматта.

Эки тараптын жолугушуусу бүгүн да уланат. Ал ортодо Исфара — Ворух менен Баткен — Лейлек жолдору дагы деле жабык.

Ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан асманга ок атылды
Мамлекеттик чек ара кызматы укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ушундай эле аракеттер тажик тараптан дагы көрүлүүдө.

Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.

Эл бири-бирине таш ыргытып, тажикстандыктар кыргыз жаранынын жашабаган эски үйүн өрттөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0