Кыргызстанда аялдар үчүн тыюу салынган кесиптер 400дөн ашат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу. Архив
Жүк ташуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кесип боюнча иштөөгө мыйзам негизинде тыюу салынган. Өкмөт мындай чечимди 2000-жылы эле кабыл алганы менен бүгүнкү күндө ал унутта калгандай.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдардын аркалоосуна мыйзам негизинде тыюу салынган кесиптер бар. Бул тууралуу өкмөттүн 2000-жылы кабыл алынган токтомунда айтылат.

Ярмарка вакансий в Москве - Sputnik Кыргызстан
Дагы эле иши жок жүрөсүзбү? Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт
Тыюу жумуштун зыяндуулугу же кооптуулугунан улам салынган. Акыркы ирет токтомго өзгөртүү 2012-жылы киргизилгени маалым.

Тизмеде 400 кесип бар. Мисалы, аялдарга 14 кишиден көп жүргүнчү бата турган автобустарды айдоого, жүк ташып иштөөгө, атайын транспортто машинист болуп эмгектенүүгө болбойт. Мындан тышкары, отун жарууга, күрөк менен жер казууга да тыюу салынган.

Толук тизме токтомдун өзүндө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0