Эки балаң барбы? Кантип уялбай жүрөсүң?.. Африкада иштеген кыргызстандыктын баяны

© Фото / из личного архива Чингиза Мансурова"Чек ара тааныбаган врачтар" медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджери Чыңгыз Мансуров
Чек ара тааныбаган врачтар медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджери Чыңгыз Мансуров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ал жакта кадыресе киши катары көрүнүү үчүн төрттөн ашык балалуу болушуң шарт. Мисалы, биздин айдоочунун 26 уул-кызы бар эле, бирок ал дагы бала күтүп, 33кө жеткирүүнү самачу", — дейт Чыңгыз Мансуров.

Чыңгыз Мансуров адамдарга көмөк көрсөтүү үчүн Африка өлкөлөрүнө каттап турат. Кыргызстандык жигит "Чек ара тааныбаган врачтар" медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджерлигин аркалайт. Анын милдети — ар кыл өлкөлөрдө дарыгерлерди дары-дармек жана жабдык боюнча кем-карчын толуктоо.

Ал Мозамбик, Уганда, Кот-д'Ивуарда болуп, ал эми Камерунда жарым жыл жашаган. Чыңгыз африкалыктардын өзгөчөлөнгөн турмушунан көп кызыктарды айтып берди.

— Адатта жардамга кол сунуу тилеги тегин жерден жаралбайт. Мындай ишмердигиңизге эмне түрткү болду?

— Ата-энем медицина кызматкерлери, бала кезимде ооруканада көп жүрдүм, адамдардын колдоосу жана көмөгүнүн эмнеге татый турганын жакшы түшүнөм. Апам менен атамдай инсан болгум келген.

Бирок медик боло алган жокмун, 2012-жылы Таиландга туристтер менен иштөөгө бардым. Кесиптештерим 2004-жылы каптаган цунамини көп талкуулашар эле. Ал табигый кырсык тууралуу Интернеттен окуп, "Чек ара тааныбаган врачтар" ошондо жабыр тарткандарга олуттуу көмөк кампания өткөргөн. Абдан таасирлендим. 2015-жылы Кыргызстанга кайтып, аталган уюмга ишке орноштум.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Чек ара тааныбаган врачтар" медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджер Чыңгыз Мансуров: Ата-энем медицина кызматкерлери, бала кезимде ооруканада көп жүрдүм, адамдардын колдоосу жана көмөгүнүн эмнеге татый турганын жакшы түшүнөм.
Эки балаң барбы? Кантип уялбай жүрөсүң?.. Африкада иштеген кыргызстандыктын баяны - Sputnik Кыргызстан
"Чек ара тааныбаган врачтар" медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджер Чыңгыз Мансуров: Ата-энем медицина кызматкерлери, бала кезимде ооруканада көп жүрдүм, адамдардын колдоосу жана көмөгүнүн эмнеге татый турганын жакшы түшүнөм.

— Алгач Африкага болгон сапарыңыз кандай өттү эле?

— Эки жыл мурда Мозамбикке учуп бардым. Учактан түшөрүм менен ал жактын климатына таң калдым. Куйкалаган күндү күткөм, бирок аба сонун экен, 20 градус.

Андан соң мени чек арачылар таң калтырды. Бир маалда аэропортко эки чоң "Боинг" конгон, паспорттук көзөмөлдө 700дөн ашык киши топтошуп турат. Кызматкерлер келип, документтерди текшере баштаганча 25 мүнөт күттүк. Баса, алар баштаганда да жайма-жай текшерип жатышты. Көрсө, жайбаракаттык африкалык маданияттын бир бөлүгү экен.

— Африкадагы турмуш деп Гуглдан издеп көрсөк, кабыргалары саналган, илмийген балдардын, алачыктардын, автоматчан кишилердин сүрөттөрү чыгат...

БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
МАГАТЭде иштеген Тоялиева: кылчайсам, өмүр өтүп жатыптыр... мен кыялыма кайтып келдим
— Африка өтө түркүн. Мозамбикке барганымда таң калдым. Кең жолдо баратабыз, өлкөнүн борбор калаасы Мапутунун имараттары көк тирейт. Белгилүү болгондой, бул кооз шаарда бүт дүйнөлүк банктар иш алпарат.

Дагы бир кызык учур бар. Качандыр бир кез СССР Мозамбик менен достук мамиледе болгон. Ал тургай, калаада Ленин, Карл Маркс, Мао Цзэдун атындагы көчөлөр бар. Бирок жергиликтүү тургундар бул инсандардын ким экенин таптакыр билбейт.

— Калктын турмуш абалы кандай? Кыргызстандыктарга караганда алар бай келет деп айтууга болобу?

— Жалпысынан жашоо деңгээли биздикине караганда төмөн. Ошентсе да Мозамбик табигый ресурстарга бай, алмаз, мунай жана газ бар. Тек гана табигый ресурстарын карап айтуу туура болбой калат. Шаарларда асман тиреген имараттар курулууда, ошол эле учурда африкалык кыштактар дары-дармектин жетишсиздигинен азап чегип келишет. Кургак учук жана ВИЧке байланышкан долбоорлор менен алектенгем, ал жакта калктын 10 пайызы ВИЧ менен жашайт. Азыр жергиликтүү бийлик буга каршы активдүү күрөшүп келет.

© Фото / из личного архива Чингиза Мансурова. Мансуров: качандыр бир кез СССР Мозамбик менен достук мамиледе болгон. Ал тургай, калаада Ленин, Карл Маркс, Мао Цзэдун атындагы көчөлөр бар. Бирок жергиликтүү тургундар бул инсандардын ким экенин таптакыр билбейт.
Эки балаң барбы? Кантип уялбай жүрөсүң?.. Африкада иштеген кыргызстандыктын баяны - Sputnik Кыргызстан
Мансуров: качандыр бир кез СССР Мозамбик менен достук мамиледе болгон. Ал тургай, калаада Ленин, Карл Маркс, Мао Цзэдун атындагы көчөлөр бар. Бирок жергиликтүү тургундар бул инсандардын ким экенин таптакыр билбейт.

— Мозамбиктиктер негизинен кайсы тармакта иштешет?

— Көпчүлүк балык уулоо жана деңиз азыктары менен алек, бул багытта жакшы акча табууга болот. Ошондой эле Мозамбикке жыл сайын туристтер көп келишет, себеби дайверлер үчүн бул жер бейиштин өзү, жунус балыгы, акула жана башка деңиз жандыктары көп.

— Жарым жылча Камерунда жашаган экенсиз, ошол туурасында айтып берсеңиз.

АКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы мугалим Сейитов: окуучуларда дептердин эки бетин колдонуу деген түшүнүк жок
— Эки жыл бою француз тилин үйрөнүп жүрүп, бул мамлекетке барарымды укканымда аябай сүйүндүм. Бөтөнчө бир өлкө, кайсы бир убакта Камерундун бир бөлүгү Францияга таандык эле, башка тарабына Англия ээлик кылчу. Бул жер — ар кыл маданияттын аралашмасы.

Камерунда шаардыктардын жашоосу биздикиндей эле. Ал эми айылдарында турмуш таптакыр башка. Биздин гид үйүнө чай ичип кетүүгө чакырды, сунушун биз кубанып кабыл алдык. Ал полу жок чакан тамда турат экен, бут алдында кадимки кара жер! Залда диван, анын жанында кичирээк мотоцикл токтоп турат. Көзгө өтө эле өөн учурады.

— Билишимче, Африкада эркектердин көп аял алган учурлары арбын.

— Ооба. Камерунда француз тили боюнча курска барчумун. Мугалим аларда эркектер экинчи, үчүнчү жолу үйлөнүшөрүн, мыйзам андайга жол берерин айтып берген. Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынганын угуп, аябай таң калган.

Мугалим өзү да экинчи же үчүнчү колукту болууга макул экен. Бирок көп аял менен никеге бай кишилер гана тура алат. Негизи эле алардын маданиятында бир кишиге байлануу мүнөздүү эмес.

© Фото / из личного архива Чингиза Мансурова. Чыңгыз Мансуров: Камерунда эркектер экинчи, үчүнчү жолу үйлөнүшөрүн, мыйзам андайга жол берет
Эки балаң барбы? Кантип уялбай жүрөсүң?.. Африкада иштеген кыргызстандыктын баяны - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Мансуров: Камерунда эркектер экинчи, үчүнчү жолу үйлөнүшөрүн, мыйзам андайга жол берет

— Көп балалуу болууну да туура көрүшөрү чынбы?

— Туура. Бир айдоочу менен сүйлөшүп калдым. Анын үч аялынан 26 баласы бар экен! Бирок аны менен да чектелип калгысы жок, балдарынын санын 33кө жеткирүүнү каалай турганын айтып берген.

Ал жакта: "Эки гана балаң барбы? Сен өзүмчүл турбайсыңбы, өзүңдү эле ойлойт экенсиң!" — дешет. Качан төрт балалуу болгонуңда сага сый көрсөтө башташат.

— Африканын тургундары кандай кийинишет?

— Ар кыл өлкөдө ар кандай. Мисалы, Камерунда саркечтер сымал субмаданият бар. Кооз кийимди баалашат, кийим-кече жашоо маңызына айланган. Саркеч кишилер Gucci, Louis Vuitton, Dolce & Gabbana кийимдерин сатып алуу үчүн ири суммада карыз алышат.

Бизнесмен и программист Акылбек Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жакырчылыкты көрүп эсим ооп калды. Индияда жашап келген жигиттин баяны
Алар ачык түстөрдү жактырышат, маселен, сары шым, мала кызыл көйнөк, көк шляпа кийип алышат. Анан да саркечтер топтолуп, бири-бирине мактанып, ким канчалык кымбат кийингенин көрсөтүшөт. Карапайым калк аларды кудайындай эле сыйлайт.

Угандада заманбап кийимдер улуттук элементтер менен айкалышат. Кот-д'Ивуардын жашоочулары француз стилин кабыл алган, абдан жарашыктуу жана ачык түстө кийинишет. Жигиттер да, кыздар да гардеробун тандоодо эч кысылбайт. Баса, ал жакта француз жапкан нан азыктары абдан даамдуу!

— Кыргызстанга караганда Африкада баа кымбатпы?

— Ооба, болжол менен баары эки эсе кымбат. Мисалы, телефонду кубаттагыч бизде 5 доллардын (орточо 350 сом) тегерегинде болсо, ал жакта аны 20 доллардан сатышат (1380 сом), бирок ошол эле кытай товары.

Кадыресе бир кафеде түштөнүүгө киши башына 30 доллардай (2900 сом) кетет. Ошончо кымбат болсо да шаарларда маяна 300 доллардын тегерегинде. Албетте, кыштактарда таптакыр башка киреше.

Кыргызстандын Африка өлкөлөрүнөн дагы бир чоң өзгөчөлүгү бар. Биз Советтер Союзунан мурас алдык, бизде эң алыскы кыштактарда да медициналык пункттар, жол жана электр энергиясы бар.

Британияга, Португалияга, Францияга колония болгон Африка мамлекеттерине андай нерсе калган эмес. Алар баарын жоктон жаратууга аргасыз болушкан. Болгону алтын кен шахталарынан деңиз портторуна чейинки темир жолу гана бар. Ошентсе да азыр Африкада жергиликтүү калкка көмөктөшүүгө умтулган эл аралык уюмдар аябагандай арбын.

© Sputnik / Табылды КадырбековМансуров: Камерунга иштөөгө барган алгачкы кыргыз мен болгон көрүнөм. Ошол себептен, кыргызстандыктар тууралуу жакшы таасир калтырууга тырышкам.
Эки балаң барбы? Кантип уялбай жүрөсүң?.. Африкада иштеген кыргызстандыктын баяны - Sputnik Кыргызстан
Мансуров: Камерунга иштөөгө барган алгачкы кыргыз мен болгон көрүнөм. Ошол себептен, кыргызстандыктар тууралуу жакшы таасир калтырууга тырышкам.

— Африкалыктардын начар мамилесине туш болгон жоксузбу?

— Жок, алар чет өлкөлүктөрдү аябай сыйлашат. Үч европалык менен борбордон ыраак кыштакка жөнөдүк. Биздин гид менин жүзүмө көпкө тигиле карады. Акыры чыдабай кетип: "Мендей кишини эч качан көргөн жок белеңиз?" – деп сурадым. Ал кечирим сурап, чындап эле азиялык кишини өмүрүндө алгач ирет көрүп турганын айтты. Африкада андайлар аз эмес.

Камерунга иштөөгө барган алгачкы кыргыз мен болгон көрүнөм. Ошол себептен, кыргызстандыктар тууралуу жакшы таасир калтырууга тырышкам. Ажырашар аяк кечесинде алган белектеримдин санына караганда аракетим текке кетпептир, баары жакшы өткөн.

— Африкалыктардын кайсы сапаттарын үйрөнсөк болчудай?..

— Алар дайым, көчөдө да күлүмсүрөп жүрүшөт. Мостоюп жүрүү аларда уят деп эсептелет. Ушул өзгөчөлүгүн аябай жактырдым.

— Африкага барардын алдында безгек, малярия жана башка жугуштуу ооруларга каршы эмдөө алыш керек. Саламаттык сактоо тармагы аларда кандай абалда экен?

IT-тестировщик Сияпат Усенбекова - Sputnik Кыргызстан
Жолдошумдун көңүлдөшү кош бойлуу экенин "сүйүнчүлөдү". Бишкектик айымдын баяны
— Айрым учурда ар кыл дарттар күч алат, бирок калк андайды кырсык катары кабылдабайт. Маселен, Камерунда иштеп турганымда холера күч алды, бул дарыланбай койсо, өлүмгө алып келчү дарт. Бирок жергиликтүү эл бул кабарды кадыресе көрүнүштөй кабыл алды.

Биздин кампаларда дал холера үчүн медициналык топтомдор бар эле, дароо бейтаптарга жеткирдик.

Кыргызстанда ар бир балага күнүнө бир нече ирет кол жууш керек деп үйрөтөт эмеспи. Африкалыктар самын же таза сууга дайым эле жете беришпейт. Ошентсе да эл аралык уюмдар суу түтүктөрүн өткөрүп, ал эми биз элге атайын суу чыпкаларын (фильтр) таратабыз.

— Биз билим берүү тармагын көп тилдейбиз, бирок Кыргызстандын дээрлик 100 пайыз эли окуп, жаза алат. Бул жагынан Африка өлкөлөрүндө абал кандай?

— Ал жакта көрсөткүч алда канча төмөн. Камерунда калктын үчтөн бир бөлүгүнүн кат-сабаты жоюлган эмес. Анан калса, аялдар арасында сабаттуулук эркектерге караганда төмөн. Кээ бир кыздарды жөн эле окууга жибербей коюшат. Мыйзамда алар 18 жашка толгондо гана турмуш кура алары жазылса да, бир тобу 15 жашка толгондо эле келин болушат.

— Кийинки багытыңыз кай тарапка болмокчу?

— Жакында Түштүк Суданга бир жылга кетем. Гуманитардык жардамга аябай муктаж болгон мамлекеттердин бири. Өлкө өтө жаш, Судан менен болгон узакка созулган согуштан соң 8 жыл мурун эгемендик алган, кийин жарандык согуш тутанган.

Ушул тапта Түштүк Суданда тынчтык өкүм сүрөт, бирок жергиликтүү тургундарга жардам керек. Талыкпастан эмгектенүүгө эмитен даярдануудамын!

Жаңылыктар түрмөгү
0