Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат

Кашкар Жунушалиев аскерлер менен кыргыз-тажик чек арасын түнү бою күзөттү. Сүрөт

497
(жаңыланган 11:58 16.03.2019)
Чек арада эч кандай мыйзам жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат
    Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)
    Андан сырткары түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок
    Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)
    Абал туруктуу
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Сотрудники правоохранительных органов на кыргызско-таджикском участке границы около сел Аксай (Кыргызстан) и Мехнатабад (Таджикистан)
    Андан сырткары коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо башкы маселе экенин айтты.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба МВД КР
Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат

Андан сырткары, түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу.

"15-марттын кечинде ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, атайын инструктаж өткөрүп, кошумча тапшырмаларды белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

 Ошондой эле коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо башкы маселе экенин айтты. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин шартын, эс ала турган жайын жана тамак-ашына да өзгөчө көңүл бурду.

Эскерте кетсек, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Ал жерге вице-премьер Жеңиш Разаков келген. Буга чейин Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

497
Белгилер:
чек ара, ИИМ, Кашкар Жунушалиев, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (30)
Тема боюнча
Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу. Сүрөттөр
Чек ара чыры: Ак-Сай жана Көк-Таштын тургундары Баткен шаарына жеткирилди