Диванда отурган аял. Архив

Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты

9906
(жаңыланган 13:48 16.03.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында төшөктө аялына "ыраазы" болбогон эркектин каты жарыяланды.

Үй-бүлөлүк сырды коомчулукка жарыя кылбашым керек болчу. Бирок мага окшош эркектер арабызда көп эле болсо керек. Балким, психологдун кеңеши башкаларга да жардам берип калаар...

Үй салып, унаа алып, буттан туруп алайын деп чет өлкөгө чейин барып иштеп жүрүп, кеч үйлөндүм. 35 жашымда өзүм курактуу кызга баш кошуп, 40ка чыгалы деп калганда кыздуу болдук. Турмуш-шартыбыз жакшы. Элден кем калбай жашап, иштеп жатабыз. Негизи эле балдарды аябай жакшы көрөм, баласаакмын. Кызым экөөбүздүн жаныбыз бир. "Жашыбыз өтүп кете электе дагы төрөп бер" десем, келинчегим тырышып такыр эле болбой жүрөт.

Шаарда чоңоюп калгандыктанбы, айтор, өзүн аябай жакшы көрөт, жанын кейиткиси келбейт. Анысы го эми анча трагедия болбосо керек. Кеп башкада...

Баарынан да мени түйшөлткөнү... төшөктө такыр эле муздак, салкын мамиле жасайт.

Негизи сүйүшүп, сүйлөшүп эле үйлөнгөнбүз. Азыр деле мага мындай жасаган мамилеси жакшы, ата-энем, туугандарым келсе сыйлайт. Анан эле жатаарга келгенде кабагы бүркөлүп, ар кайсы шылтоону айтып, айтор таптакыр эле башкача. Ушул нерсеси мени бушайманга салчу болду.

Башында көп антчү эмес. Эмнеден улам өзгөрүп жатканын түшүнбөйм... Ооба, айрымдары "мындан башка көйгөйү жок бекен" деп ойлошу мүмкүн. Бирок үй-бүлөдө, жубайлар ортосунда бул башкы нерсе да. Мамиле төшөктөн жакшырып, төшөк үчүн бузулат эмеспи.

Экөөбүз башкадан эмес, акыркы күндөрү ушунун айынан урушчу болдук.

Кээде көңүлдөш эле таап алсамбы деп да ойлоп кетем. Бирок ага берилип кетип, уямды бузуп алуудан корком. Кызыма мыкты ата болуп, бүтүн үй-бүлөдө чоңоюшун каалайм. Анын үстүнө аялымды жакшы көрөм.

Келинчегимдин кескин өзгөрүп кетүүсүнө эмне себеп болушу мүмкүн. Мени жактырбайбы, же башканы таап алганда ушундай болуп калабы? Кантип экөөбүздүн төшөктөгү мамилебизди жакшыртсак болот? Же мага канааттанбай жатабы, айтор, башымда суроо көп... Кеңеш күтөм.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Ар бир үй-бүлөдө кризистик этаптар болушу мүмкүн. Биринчи кризистик этап үйлөнгөндөн кийин 2-3-жылдан соң башталса, андан кийинкиси 40 жаштын тегерегинде, орто куракта болот. Ал тургай, улгайып калганда да жубайлар мындай кризистик кырдаалга дуушар болушу ыктымал.

Бизге кайрылган киши менен аялы кризистик экинчи этапка туш болуптур. Экөө тең жумушта, бири-бирине көңүл бура албай, мамилелери сууп баштаган.

Бирок үй-бүлө бардык нерседен биринчи турат. Аны сактап калыш үчүн "аялымдын башка бирөөсү барбы, көңүлдөш эле таап алсамбы" деген ар кандай жаман ойго берилбей, тийиштүү адистерге кайрылып убагында чечип алгандары оң. Анан дагы кошумчалай турчу учур - минтип анонимдүү кат менен эмес, психологго барып, аны менен бет маңдай отуруп сүйлөшүүсү абзел.

Тийиштүү адис дегеним, дарыгерлерге, сексопатологго кайрылып, көрүнүшсүн. Анткени бул нерсе ден соолукка байланыштуу да болушу мүмкүн. Аял киши негизи эле сезимтал болот. Балким, күйөөсү ага жакшы мамиле жасабай, жетишерлик көңүл бурбай жаткандыр. Күнөө бир тараптан эле кетиши мүмкүн эмес. Сиз дагы акыл калчап, мен эмнеден жаза бастым, кайсыл жерден жүрөгүн оорутуп алдым деп, өткөн-кеткенге сереп салып көрүңүз.

Кат жазган адам аялы менен сезим, мамилелери тууралуу ачык сүйлөшүп алганы оң. Себеби ажырашкан оңой эмес. Экинчи жолу үй-бүлө куруу андан дагы татаал.

9906
Белгилер:
психолог, кат, үй-бүлө
Тема:
Психолог менен баарлашуу (158)
Тема боюнча
Кайын журтума эки күйөөдөн чыкканымды кантип айтам? Жаш келиндин каты
Күйөөмдүн аракеч, эрке уулунан тажадым... Жашы өтүп калган аялдын баяны
Көчөдө бараткан адам. Архив

Эксперт: COVID бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоодой болуп калышы мүмкүн

15
(жаңыланган 12:41 01.08.2021)
Адистин айтымында, дүйнөдө беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Ошентсе да алар коронавирустун жеңил түрү менен ооруй бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коронавирус бир нече жылдан кийин кадимки сасык тумоо сыяктуу болуп калышы ыктымал. Ал тургай ага антителасы барлар да ооруп, эл дартты жеңил формада көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу антисептиктин формуласын ойлоп тапкан швейцариялык адис Дидье Питте РИА Новостиге берген маегинде айткан.

Ал дүйнөдө пандемияга алып келген коронавирустун бир нече түрү бар экенин айтып, бирок адамдар жуктуруп жаткан түрүнө иммунитет бала кезден эле иштелип чыгарын белгилеген.

"Биз бул вирустарды билип, иммунитет иштелип чыккан күндө деле убакыт өткөн сайын ал жеңил сасык тумоо сыяктуу болуп калат. Беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Бирок анын жеңил түрү менен ооруй берет. Ал сасык тумоодой эле болуп калат", — деди ал.

Питте дүйнөдө коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаганда жамааттык иммунитеттин пайда болуусу үчүн 6дан 10го чейин коронавирус толкуну болушу керек эле деген ойду кошумчалаган. Ал калк канчалык көп эмделсе, дүйнө ошончо эрте кадимки жашоого кайтарын эскертип, балдарды да эмдөө керектигине токтолгон.

15
Белгилер:
коронавирус, сасык тумоо, мутация, эмдөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дарыгер коронавирустан кийин кимдерде тромбоз пайда болорун айтты
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

7
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

7
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны