30 жаштан өткөндөр үчүн зыян делген азык-түлүктөр аталды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТаттуу тамактар. Архив
Таттуу тамактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, киши 30 жаштан өткөндөн кийин физиологиялык процесстер менен кошо метаболизм жайлап калат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 30 жаштан өткөндөр жаштыгын сакташ үчүн баш тартуусу керек болгон азык-түлүктүн тизмесин диетологдор жарыялаганын "Известия" басылмасы РЕН ТВ телеканалына таянуу менен жазды.

Вопросы уплаты пенсии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ден соолукту ала турган зыяндуу алты адат. Окумуштуулардын иликтөөсү
Адистердин айтымында, киши 30 жаштан өткөндөн кийин физиологиялык процесстер менен кошо метаболизм жайлап калат. Андыктан курамында шекер көп болгон азык-түлүктөрдөн баш тартуу туура, себеби шекер теринин ийкемдүүлүгүн жоготуп, бырыш жана пигментациялардын пайда болушун шарттайт.

Ак ундан жасалган азыктар май болуп сакталып, кандагы глюкозанын көлөмүн көбөйтөт.

Ошондой эле колбаса азыктарынан да баш тартуу керек. Себеби андагы консерванттар жана даам берүүчү заттар менен стабилизаторлор саламаттыкка бир топ зыян келтирет.

Спирт ичимдиктерин да ууртап-татып жүргөндөр бул адаттан арылууну ойлонушу кажет. Өзгөчө, сыра жана түрдүү коктейлдер ден соолукка эбегейсиз зыян.

Жаңылыктар түрмөгү
0