Жалал-Абадда согуштун беш ардагери бар. Мэриянын билдирүүсү жокко чыгарылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВетеран войны Б.В. Соколов
Ветеран войны Б.В. Соколов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жалал-Абаддын мэриясы шаарда Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери көз жумганын билдирген. Бирок Ардагерлер кеңеши бул маалыматты төгүндөдү.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун беш ардагери жашап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Баткен согушунун ардагерлери коомдук бирикмесинин төрагасы Рустамбек Амиракуловго шилтеме берип "Өлбөс полк — Кыргызстан" бирикмесинен билдиришти.

Эске салсак, 14-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Гаваз Мингараев каза болгонун кабарлаган.

Амиракуловдун айтымында, жакында эле ал жетектеген кеңеш Жалал-Абаддагы ардагерлерди кыдырып чыгып, беш адам бар экенин билген. Алар:

Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Касым Акрамов, 91 жашта. Согушка 1944-жылы мектепти аяктары менен чакырылган. 1945-жылы мекенине кайтып келип, техникалык орто окуу жайды бүтүргөн. Кара-Көл ГЭСинин курулушуна катышкан. Японияны жеңүүдөгү жана башка медалдар менен сыйланган.

Александр Григорьев, 95 жашта. 188-полктун катардагы жоокери, майданда 1943-1945-жылдары салгылашкан. Белоруссия, Польша жана Праганы бошотууга катышкан. Жеңиш күнү Германиянын Дрезден шаарынын жанында болгон. Мекенине 1947-жылы кайтып келген. "Кызыл жылдыз" төш белгиси, "Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы", "Германияны жеңүү" жана башка медалдары менен сыйланган.

Елизавета Костяная, 94 жашта. Россияда туулуп-өскөн. 1943-жылдан тарта "Артиллерист" дивизионунда кызмат кылган. 1959-жылы жолдошу менен Кыргызстанга көчүп келген. Японияны жеңүүдөгү жана башка медалдар менен сыйланган.

Гаффан Сафин, 94 жашта. Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат кылган. Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген. "Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы", "Германияны жеңүү" жана башка медалдары менен сыйланган.

Николай Тецкий, 91 жашта. 1944-жылы согушка чакырылып, Кенигсбергди алууга катышкан. 1947-жылы мекенге кайтып, Ошто киномеханик болуп эмгектенген. "Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы" жана "Кенигсбергди алуу" медалдары менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0