Акча. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда эң көп айлык төлөнгөн жумуштар. Рейтинг

4254
(жаңыланган 10:41 18.03.2019)
Өлкөдө эң жогорку маяна программисттер менен финансисттерге сунушталат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Sputnik агенттигинин кабарчысы вакансияларды сунуштаган ресурстарды иликтеп, Кыргызстанда кайсы кесип ээлери көп акча аларына кызыкты.

Көрсө, өлкөдө эң жогорку маяна программисттер менен финансисттерге сунушталат экен. Алар айына 30 миңден 140 миң сомго чейин алат.

Мындан тышкары, рейтингге төмөнкү кесиптер кирди:

  • кыймылсыз мүлк тармагындагы адистер — 20-100 миң сом;
  • маркетологдор — 12-90 миң сом;
  • башкы ашпозчу — 40-75 миң сом;
  • соода менеджерлери — 15-60 миң сом;
  • бухгалтерлер — 25-50 миң сом;
  • ар кайсы тармактагы инженерлер — 25-50 миң сом;
  • долбоор-менеджерлери — 20-45 миң сом.

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, 2018-жылы орточо айлык эң жогорку аймак — Бишкек шаары болчу. Борбор калаанын тургундары орто эсеп менен 21 миң сом алат. Экинчи орунда 15 миң сом менен Нарын жана Чүй облустары турат. Эң төмөнкү айлык өлкөнүн түштүгүндө. Мисалы, Ош облусунун тургундарынын орточо айлыгы 10 миң 339 сом.

Ведомствонун маалыматында, Кыргызстанда эң жогорку орточо маяна 36 миң 209 сом, аны финансисттер алышат.

Алардын артында эле маалымат жана байланыш боюнча адистер турат. Бул тармактын өкүлдөрү айына 32 миң 260 сом алса, үчтүктү жыйынтыктаган энергетиктер дээрлик 31 миң сом айлыкка иштешет.

Ошол эле учурда жумушсуздардын саны да өсүп бара жатат. Мисалы, 2018-жылы 73 миң кыргызстандык ишсиз катары каттоодон өткөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 25 миңге көп.

4254
Белгилер:
адистер, статистика, айлык-акы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардын башчылары канча айлык алат
Майып балдарды карагандар айлык ала баштады
Айлык эки эсе көбөйөт. Мамкызматта иштегендер боюнча кадрдык кызматтын планы
Кыргызстанда ишкердиктин кайсы түрү кирешелүү. Жаңы рейтинг